Азыркы мезгилде Кочкордун Чолпон айылында көпчүлүк уйлардын төлдөп жаткан учуру. Уй жаңы төлдөгөндө уй баласына кандай кам көрүү керек жана ууз кантип жасалат?
Нургазы Шамшидинов уйду багуу жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду: «Уй баласын музоо кезинен жакшы өстүрүп, кара уузга тойгузуу керек. Кара уузга тойгон музоолор жакшы чоңоёт. Аны жакшылап кургак жерге жаткыруу шарт. Болбосо ичине сыз өтөт. Отуккандан кийин чөп, жем, суу берип багуу абзел. Төл бериш үчүн жакшы букаларга кошуп, эки жылдан кийин төлүн берет. Сүт берүү үчүн жем, чөптү түрлөп берип туруу зарыл».
Раиса Эгимбаева ууздун жасалышын айтып берди: «Уузду азыр элдер топоздун, уйдун, койдун жана эчкинин сүтүн пайдаланышат. Уй тууганда музоосу уузду түгөтө албай калганда ошол кара уузун саап, анан аны чыпкалап табакка куюп жана татымына жараша туз салабыз. Казанга табакты көмүп кетпегидей суу куябыз. Суу кайнаганда казандын капкагын жаап, уузду бир нече убакыт бууга бышырабыз. Бышкандан кийин бир аз муздаганда кадимкидей уюп, сырдай болуп калат. Мына ошондо ууз даяр болот».
Аяна Эрланова, Касиет Чолпонкулова