Ак-Талаа районунда Кургак учук менен күрөшүүнүн Бүткүл Дүйнөлүк күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында иш-чара өткөрүлүп, анда окуучулардын кыл калеминен жаралган сүрөттөрдөн дубал гезиттер сынагы, чакан сахналык көрүнүштөр жана флешмобдор тартууланды.
Иш-чарада окуучулар кургак учуктун жугуу жолдору, алдын алуу иштери, жеке гигиенаны сактоо ж.б боюнча айтып, көрсөтүп беришти.
Аталган иш-чара райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгерлери менен уюштурулуп, ага төрт мектептин окуучулары катышты. Жыйынтыгында, ар бир тапшырма боюнча жигердүү катышкан мектептер баса белгиленип, алдыңкы орунду жеңип алгандарга уюштуруучулар тарабынан грамоталар берилди.
Барчын Мамытбекова