Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин 10-классынын окуучусу Акзыйнат Темирбекова Америка Кошмо Штаттарында бир жыл бекер окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал бүл мүмкүнчүлүктү FLEX программасына катышуу менен жеңип алды.
Акзыйнат Темирбекованын апасы Нурзат Шыгаева үй-бүлөсү менен бул ийгиликти абдан кубануу менен каьыл алышканын айтты:
“Чынын айтсам толкунданганыман эмне дешти да билбей турам. Аябай сүйүнүп жатабыз. Баары куттуктап жатышат. Кызыбыз былтыр дагы тапшырып, жарым финалына жеткен. Быйыл да мугалими менен бирге аракеттерди көрүп, билдирме жиберген. Буюрса бир жыл Америкадан окуп келет. Жиберебиз. Бул тил үйрөнүүгө, эл-жер көрүүгө, башка элдин жашоосу, маданияты, тарыхы менен жакындан таанышуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү. Эң башкысы ал өзүнүн келечеги үчүн абдан маанилүү жана пайдалуу деп ойлойм. Мугалимдеринин салымы чоң. Ыразычылык билдиребиз”,- деди.
Аталган программа АКШнын өкмөтү тарабынан каржылануучу Мамлекеттик Департаменттин “Келечектин лидерлерин” алмашуу программасы. Негизги максаты АКШнын жарандары менен башка өлкө, башка элдердин өз ара мамилесин чындоо болуп саналат. Американын мамлекеттик департаменти алмашуу программасы менен колдогон 50 өлкөнүн бири-Кыргызстан. Өлкөнүн бардык аймагында окуган жогорку класстын окуучулары бул программага катыша алат жана жеңип алса бир жыл америкалык мектепте бекер окуп, америкалык үй-бүлөдө жашоо бактысына ээ болот.
Барчын Мамытбекова