Малдын чакалай оорусу– трихофития (Trichophyton) уруусуна кирген мите козу карындар козгогон жугуштуу ылаң. Териде ар кандай формада кездешип, бозомтук түстөгү, чекелерин карттантып, какачтардан турат. Бул ооруну алдын алуу үчүн малдын сапаттуу тоют менен камсыз кылып, ветеринардык-санитардык эрежелерди туура сактоо жана сарайларды гигиеналык талаптарга ылайыктуу кармоо керек.
Музоолор чакалай менен ооруйт (сүрөт интернеттен алынды)
Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын адиси Мирбек Токтобаев музоолор арасында көбүрөк кездешчү чакалай ылаңынын белгилери жана дарылоо ыкмаларына токтолду.
“Мал кармоочу сарайларды жылына 2 жолудан кем эмес дезинфекциялоочу каражаттар (5%түү хлордун эритмеси, аки таштын суусу) менен тазалап туруу керек. Негизи оору козгоо боюнча мите курттар сырткы чөйрөдө бир кыйла туруктуулугу менен көрсөтөт. Көбүнчө жүндөрдө, чачтарда 6-10 жылга чейин, ал эми тезекте 7-8 айга чейин, ооруган мал кашынган түркүктөрдө, дубалдын бурчтарында көп жылдарга чейин сакталат. Бакма айбандар, чычкандар келемиштер жана башка жырткыч жаныбарлар ооруйт. Ылаң мезгил тандабайт, бардык мезгилдерде каттала берет. Малды багууда тоют менен камсыз кылуудагы кемчиликтердин негизинде организмдеги ооруга болгон туруктуулугун кескин төмөңдөшүнө түрткү берет. Чакалай музоолордо 1 айында, төөлөрдө 1 айында, козу-улактарда 1-2 жашында ылаңга чалдыгат. Бул ооруну ылаңдаган мал жана бул оорудан ооруп айыккан жаныбардан жугат. Ошондой эле мал улам кашына берип, жүнү түшкөн жердин териси сыйрылат. Чакалайдын козгогуч мите курттары тушүп, ооруну пайда кылат”,- дейт.
Чакалайда бодо менен койлордун көбүнчө баш тери, мойну, каптал жону, сандары, куйругу жабыркайт. Ал эми музоолор менен козуларда биринчи эле көздөрүнүн тегеретесинде, оозунун тегерегинде, кулактарынын түбүндө болот. Эгерде чакалай болгон малды туура эмес багып, тоют жетиштүү бербесе ылаң ырбап, өтүшүп кетишине шарт түзөт. Бул ооруга клиникалык шартта гана диагноз коюга мүмкүн.
Мал катуу жараланган учурда чакалайдын очокторуна жумшартуучу препараттарды (май, йодоформ) сүйкөйт жана ЛТФ-130 вакцинасын 3 ирээт кайталап колдонот. Вакцина жок болуп калган учурда ар кандай тери оорусуна каршы дарыларды пайдаланат.
Бул препараттардын көпчүлүгү жараат болгон жерди күйгүзүп, терини сезгентирип жибериши мүмкүн. Ошондуктан аларды теридеги чакалайдын баардык очокторуна бир мезгилде сүйкөбөстөн кезек менен бир нече күндүн ичинде даарылап чыгуу керектелет.
Мындан сырткары чакалай адамдарда жана өсүмдүктөрдө дагы кездешет.
Барчын Мамытбекова