Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда психикалык жактан жабыркаган 269 жаран каттоодо турат. Булардын ичинде акыл-эси кем балдар, эпилепсиясы бар жарандар бар. Райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы психикалык кабинеттин дарыгери Айгүл Капарованын айтымында шизофрения акыл-эсинен айнуу диагнозу (аффектное расстройство) менен көзөмөлдө тургандарга мамлекет тарабынан кепилдик программасы боюнча бекер дарылоо жүргүзүлөт.
Айгүл Капарова-РЖДПБнун психиатриялык кабинеттин дарыгери
«Коомго зыян алып келбеш үчүн ай сайын көмөктөшүүчү дарылоо үчүн (поддерживающие лечение) рецепттерди жазып берип турабыз. Эгерде ал дарыларды убагында алып турса, оору кармабайт. Алар дайыма көзөмөлдө болуп турат. Каттоодо тургандардын көпчүлүгү эркектер. Башкача айтканда, Үй-бүлөлүү жана орто курактагы, кызматтагы, ошондой эле үй-бүлөдө жакын адамын жоготкон же ажырашуудан улам стресске кабылып, психикалык жактан жабыркаган эркектер көбүрөк. Биз анализдеп, анан ушу себептерин байкадык»,- дейт.
Барчын Мамытбекова