Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 131 үй-бүлөдө ички жана сырткы мигранттын 253 баласы тарбияланууда. Мунун ичинен 77си сырткы, ал эми 176 бала ички мигранттын балдары болуп саналат. Бул категорияда турган балдар айыл өкмөттүн социалдык кызматкерлери менен бирге мектептердеги социалдык педагогдор жана бала бакчалардагы кызматкерлердин жардамы аркылуу аныкталат. Алар зордук-зомбулукка кабылып калбашы үчүн тиешелүү кызматтар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көзөмөлдөнүп турат.
Баетов айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Нураева туугандарынын кароосундагы балдардын жашоо-шарты менен мезгил-мезгили менен таанышып, кабар алып турушат.
“Балдар тууралуу маалымат атайын базада катталып, сакталуу болот. Албетте бул тизме туруктуу болбойт. Анткени ата-энеси кайтып келет же алып кетет. Ошо келген, кетип жаткан ата-энелер менен дагы маектешебиз. Ал эми зордук-зомбулукка кабылган учурда кимге, кайда кайрылуу керектигин да айтып турабыз”,- дейт.
Барчын Мамытбекова