Кочкор райондук маданият үйүндөгү, жалпы артисттер жамааты Ормон хан Ниязбек уулунун 230-жылдык мааракесине карата, Кочкор районун, Чолпон айылындагы, Корчубек Акназаров атындагы орто мектебине 18-ноябрь күнү спектакль уюштурушту. Аталган спектакльга, Чолпон айыл-өкмөтүнө кирген, Ара-Көл, Эпкин, Туз, Молдо Кылыч, Акчий айылдарынын маданият үйүнүн башчылары, мектеп окуучулары да келишти.
Кочкор музыкалык драма театрынын ырчысы, актрисасы Чынара Качкын кызы төмөндөгүлөргө токтолду:
«Саламатсыздарбы, мен Кочкор музыкалык драма-театрынын актрисасы, ырчысы болуп эмгектенем. Баарыбызга белгилүү, таанымал болгон, кыргыз элинин баатыры Ормон хандын быйыл 230-жылдыгы болуп жатат. Жарлык боюнча 230-жылдыгына арналган спектакльдан үзүндү, Кочкор музыкалык драма театрынын актёрлору менен биргеликте аткарып келдик. Эң алгач биз Кочкор районунун, Шамшы айылынан баштадык. Биз Кочкор жергесиндеги ар бир айыл-аймактарга коюп чыгабыз. Биздин негизги максатыбыз-кийинки муундар, бизде кандай баатырлар болуп өткөндүгүн, жаштардын патриоттук сезимдерин ойготуу болуп саналат. Учурда көпчүлүк окуучулар башка нерселерге кызыгат, тарыхга да кызыгуу менен маани беришпейт. Бирок биз кыргыз болгондон кийин, Кыргызстандын тарыхын ар бир инсан биле жүрүшү керек деп ойлойм».
Аяна Аскарова, Малика Жумабекова