Базар-Коргон районунда билим берүү тармагында «Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр» аттуу конференция болду. Конференцияга Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Мирлан Карагулов, акимдин орун басары Асель Сансызбаева, «Бай дыйкан» айыл чарбасын колдоо борборунун башкы директору Эрлист Акунбеков, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сыргак Жалилов жана райондогу мектептердин, бала бакчалардын директорлору, тарбиячылар, мугалимдер катышты.
Конференция Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды
Райондук балдар чыгармачылык үйү тарабынан даярдалган концерттик программа келген коноктордун маанайын көтөрдү
Конференцияны Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов ачып, өз сөзүндө учурда санариптик технологиялар күнүмдүк жашоодо маанилүү роль ойноп, билим берүүнүн заман агымы менен кадам ташташы маанилүү экенин белгиледи.
«Базар-Коргон районунда санариптик билим берүү платформасын түзүү окуу процессин интерактивдүү окутуу ыкмалары менен байытып, аны кызыктуу жана эффективдүү кылат. Бул окуучуларга заманбап маалымат алууга, билимдерин кеңейтүүгө жана келечекте пайдалуу боло турган көндүмдөрдү өнүктүрүүгө шарт түзөт. Ар бир окуучуга терең билим берүү менен мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошосуздар деп билем. Андыктан урматтуу билим берүүнүн саяпкерлери сиздердин келе жаткан майрамыңар менен куттуктап, ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөрдө тынчтык жана ишиңиздерге ийгилик каалаймын».
Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов
«Конференциянын негизги максаты заманбап талаптарга жана чакырыктарга жооп берген жаңы санариптик билим берүү платформасын талкуулоо жана көрсөтүү болду. Негизги басым билим берүү процессинде билим берүү чөйрөсүн байытып, окуучулардын билим сапатын көтөрө турган эл аралык технологияларга бурулду. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Мирлан Карагулов бул санариптик аянтча өсүп келе жаткан муунду тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө ийгиликтүү адаптациялоо инструменттери менен камсыз кылуу менен келечектеги өнүгүү аймагынын негизи болот», — деди Мирлан Карагулов.
Акимдин орун басары Асел Сансызбаева
Акимдин орун басары Асель Сансызбаева белгилегендей, бул процессте өкмөттүн жана коомчулуктун колдоосу ийгиликтин маанилүү фактору болуп саналат. Заманбап билим берүүнүн маанилүүлүгүн толук түшүнүү жана анын Базар-Коргон районунун келечеги үчүн иштөөсү алдыга коюлган максаттарга жетүүнүн шарты болуп саналат. Ар бир мугалим өзүнүн ишин так аткарып, кесибин сүйсө, ал албетте чоң жетишкендиктерге жетишет.
№17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакова
№17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакова 20 жыл мурда кабыл алынган билим берүү мыйзамын өзгөртүүгө убакыт жетип, өзгөртүлүп, ал эми бүгүнкү берилип жаткан билим 20-30 жылдан кийин да биздин балдардын турмушуна пайдалуу болууга тийиш экенин өз докладында баса белгиледи.
«Бул реформанын негизги максаты — адамдын сапаттуу билим алуу укугуна кепилдик берүү, инсанды ар тараптуу өнүктүрүү. Бул мыйзам — билим берүүнү өнүктүрүүгө жана заман талабына ылайыкташууга багытталган. Анткени өлкөнү өнүктүрүү — билим, илим, инновация жана жаш муунга өз учурунда өзгөчө кам көрүү болуп эсептелет. Ошентип билим берүү тармагы бардык деңгээлде комплекстүү реформалоо активдүү фазасына кирүүдө. Билим берүүнү дүйнөлүк заманбап сыноолорго жарактүү деңгээлге жеткирүү аракети болуп жатканда, ар бирибиздин салымыбыз зор болууга тийиш. Мындай шартта ар бир мугалимдин кесипкөй аракети болмоюнча кандай гана өзгөртүүлөр, реформалар болбосун ишке ашпоосу шексиз. Андыктан — “Өзгөртүүлөрдү ар бир мугалим өзүбүздөн баштообуз абзел”.
Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебинин химия мугалими Нурсыйда Базаркулова
Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебинин химия мугалими Нурсыйда Базаркулова өз докладында окуучуну ЖРТ, олимпиадага канткенде натыйжалуу даярдай алабыз деген суроонун негизинде ачыктап айтып берди.
«Белгилүү философ, педагог 30дан ашык социология жана эстетика боюнча китептердин автору Джон Дьюи “Билим бул жашоого даярдык эмес, билим бул жашоонун өзү” деп айтканындай, илимий технологиянын космостук ылдамдык менен өсүп жаткан учурунда жашообузду билимсиз элестетүү мүмкүн эмес. Биз билим берүү жана тарбиялоо ишинин сапатын көтөрүү аркылуу мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, келечек үчүн билимдүү, замандын талабына ылайык инсандарды даярдоо — ар бирибиздин ыйык парзыбыз деп билебиз», — деди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сыргак Жалилов.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сыргак Жалилов
«Мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсү –бул билимде. Жаш муундардын туура багытты тандоосу үчүн билим, тарбия багытындагы бардык шарттарды түзүп берүүбүз зарыл. Өсүп келе жаткан жаш муундарды бүгүнкү жана эртеңки күнгө эмес, келечекке даярдап билим берүү өзгөчө маанилүү.
Жаңы 2023-2024-окуу жылынын алдында өткөрүлүүчү августтук кеңешмесинде “Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр!” деген темада ар бир мугалим, жетекчи үчүн жаңы максаттар, тапшырмалар берилип, жыл жогорку деңгээлде, көп ийгиликтер менен коштолот деп ишенемин. Өткөн жылда жараткан ийгиликтери үчүн бүгүн мектептер, мугалимдер, тарбиячылар сыйланышты. Ал үчүн райондук профкомдон 240 миңден ашуун сомго белектер алынды. Бул да болсо мугалимдерге, алардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, билим сапатын жогорулатууга дем болот десем жаңылышпаймын»,-деди Сыргак Жалилов.
Сынактардын жеңүүчүлөрүнө берилүүчү белектер
«Мыкты усул каана, мыкты окуу каана, жылдын мыкты тайпа каанасы» сынагында биринчи орунду ээлегендерге эмеректер берилди
«Жылдын мыкты мектептери жана бала бакчалары» сынагынын жеңүүчүлөрү
«Жылдын мыкты кааналары» сынагынын жеңүүчүлөрү
«Жылдын мыкты бала бакчалары»
Райондогу мыкты мугалимдер
Базар-Коргон райондук администрациясы тарабынан сыйлангандар
«Бай дыкан»айыл чарбасын колдоо борборунун башкы директору Эрлист Акунбеков төрт жылдан бери салтка айланткан райондогу ЖРТдан жогорку балл алган окуучуларды акчалай демөөрчүлүгүн улай, быйыл да келип 18 окуучуну жана алардын мугалимдерин сыйлады. Ал өз сөзүндө мугалимдерди куттуктап, дайыма мугалимдерди жана окуучуларды колдой турганын айтты. «Бай дыйкан» дыйкандарды байыганы жардам берет. Ал эми акчасы бар дыйкан балдарын жогорку окуу жайларга, чет өлкөгө жөнөтөт. Демек биз дыйкандарды колдоо менен алардын балдарынын келечегине да жол ачып жатабыз», — деди. ЖРТдан жогорку балл алган окуучуга жана даярдаган мугалимге авто унаа алып бере турганын баса белгилеп, ийгилик каалады.
Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебинин окуучусу Айданек менен Эрлист Акунбеков
Көп жылдан бери райондун атын химия биология сабактарынын мугалими Нурсыйда Базаркулова чыгарып келүүдө. Ал даярдаган окуучулар дүйнөнүн төрт тарабында билимин улантышууда. Эрлист Акунбеков ЖРТдан мыкты даярдаган мугалимдерге да акчалай сыйлыгын тапшырды.
Мектептин босогосун жаңы аттаган жаш мугалимдерге эмгек китепчесин райондун мыкты жетекчилери тапшырып, каалоо тилектерин айтышты. Жаңы келген мугалимдер эмгек жолун ант берүү менен баштады
Конференцияга айыл өкмөт башчылары да келип, аймакта жайгашкан мектеп директорлоруна жана бала бакча жетекчилерине акчалай сыйлыктарды тапшырды. Сүрөттө Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы жана мектеп директорлору жана бала бакча жетекчилери менен
Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов жетекчилер менен
Ошондой эле конференцияга катышкан №6 Б.Осмонов атындагы гимназия мектебинин директору Арстанбек Матраимов өз сөзүндө ар бир конференциянын өзүнүн максаты бар. Угуп эле тим болбостон ар бирибиз аракеттенишибиз керек деп билдирди.
«Биз бүгүн август конференциясынан көп жаңылыктарды угуп, жаңы окуу жылындагы пландар менен таанышып, жаңылыктарды угалы деп турабыз. Билим берүүдөгү жаңы реформалар окуучунун билим алуудагы жаратууучу зор ийгиликтерине, жетишкендиктерине, терең жана сапатуу билим алуусун өбөлгө түзөт деп ишенем. Баардык мугалимдердин келе жаткан майрамдары менен куттуктайм. Түйшүктүү, оор жана сыймыктуу ишибизде ийгиликтер жарала берсин демекмин».
№6 Б.Осмонов атындагы гимназия мектебинин директору Арстанбек Матраимов
Көргөзмөгө катышкан «Ак кеме-1» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси Замира Адышова бала бакчадан баштап балага ден соолук, жолдоо жүрүү эрежелери, балдардын укуктары, ата-энелер үчүн атайын чыгарганбыз. Негизи биздин демөөрчүлөр ата-энелер болсо, аны жасоо, жана балдарга билим берүү тарбиячылардын мээнети. Ар бир тарбиячыга ишине ийгилик, чыгармачылык изденүү жана ийгилик каалайм.
«Ак кеме-1» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси Замира Адышова
«Назик» бала бакчасы
№39 «Акылай» бала бакчасынын көргөзмөсү
Балдар чыгармачылык үйүнүн кол өнөрчүлүгү
Райондун мектептеринин жана бала бакчаларынын директорлору, тарбиячылар жана мугалимдер технологиялык программаларга санариптик платформаларды жана жашыл көндүмдөрдү киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн активдүү талкуулашты.
Бул конференция тажрыйба алмашуу, инновациялык ыкмаларды талкуулоо жана билим берүү жана экологиялык жоопкерчиликтүү жашоо образын илгерилетүү үчүн өнөктөштүк мамилелерди түзүү үчүн эң сонун аянтча болуп калды. Катышуучулар узак мөөнөттүү кызматташууга жана Базар-Коргон районунун билим берүү тармагында жемиштүү өзгөрүүлөргө үмүттөнөрүн билдиришти.
Гүлназ Камбарали кызы