“Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууда. Долбоор Кыргызстандын 7 аймагында ишке ашырылат: Кызыл-Кыя, Ноокат, Сузак, Аламүдүн, Ысык-Ата, Кочкор жана Ат-Башы райондорунда. 19-25-август күндөрү Нарын жана Чүй облустарынын мектептеринен тандалып алынган кыздар тренерликке окутулуп жатат.
Долбоордун максаты мектептеги өспүрүм кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын мектептен кийинки билимин улантууга жана келечекте татыктуу жумушка ээ болууга шыктануусун жогорулатуу болуп саналат. Кыздар STEM боюнча билимдерге ээ болгондон кийин, насаатчылык жана “тең-теңдешке” ыкмалар менен колдонуп башка өспүрүмдөр менен билим бөлүшө алышат.
Азыркы тапта Нарын жана Чүй облустарындагы пилоттук мектептерден 120 активдүү кыз теңдеш тренер катары тандалып алынган. Алар 5 күндүк тренингде STEM, карьералык багыттоо, коммуникация жана социалдык көндүмдөр боюнча билим алышат. Окуудан кийин 120 кыз теңтуш насаатчы болуп, теңтуштарына STEM багытын үйрөнүүгө колдоо көрсөтүшөт.
Кыздар тренерлик чеберчиликке машыгып жаткан учуру
Долбоордун планына жараша, 10 000 бала (8 миң кыз, 2 миң эркек бала) STEM багытында тренингдерге катышат. Тренингден алган билимдер балдарга STEM багытында (маалыматтык-коммуникациялык технологиялар илимдери, инженерия, математика) туура кесип тандоого жардам берет. Тренерлерди даярдоо учурунда алар ар тараптуу машыгууларды, практикалык иштерди жасап, байкоолорду жүргүзүшөт.
Суу фильтрин жаратуу
Кочкор районунун Н. Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясынын окуучусу Турарбекова Танзила кыздарды STEM долбооруна чакырат:
Танзила Турарбекова
«Мен бул окуудан кийин өзүмө теңдеш кыздарга тренер болуп, долбоордун ишин улантам. Мен кыздарга «Илимдеги кыздар» долбоору менен жакындан тааныштырып, STEM долбооруна тааныштыргым келет».
Адинай Турсуналиева
«Мен долбоордон кийин алган билимимди өзүмдүн мектебиме барып жайылтам. Бул жакта биз жасап жаткан эксперименттер STEM программасын жакшы түшүндүрөт жана биздин жашообузду жеңилдетет», -дейт Ат-Башы районунун тургуну Адинай Турсуналиева.
STEM — билим берүү программасы кыздар үчүн окутууда жана окууда стереотиптик мамилелерди азайтууга жардам берет, билим берүүгө гендердик теңчиликти киргизүүгө көмөктөшөт. Ошондой эле мектептердеги кыздар үчүн коомдук басымсыз кесип тандоосун жасай алышы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам берет.
Аталган тренинг 19-августтан 25-августка чейин өткөрүлөт. Ал эми Жалал-Абад жана Ош облустарынын мектеп окуучулары үчүн тренинг 2023-жылдын ноябрь айына пландаштырылган.
Акылай Алмазбекова