Мурас бөлүштүрүү, жер үлүшүнө ээ болуу деген түшүнүктү эмнегедир кыздар бизге тиешелүү эмес деп ойлошот. Анткени алардын түшүнүгүндө ал төркүнүндө калат жана ага ээ болуу уят деп эсептешет. Бирок, адистердин айтымында жер үлүшүн алууга кыздардын толук укугу бар, буга мыйзам да кепилдик берет, андан сырткары жер үлүшүн алуу кыздардын экономикалык жагдайын жогорулатат.
Бурул Майрамбек кызы