Самыйбек Осмоев менен жубайы Жылдыз Асанакунова көп жылдан бери этнотуризм жана кол өнөрчүлүк менен алектенип келишет. Алар университеттин көркөм графика бөлүмүн бүтүрүшкөн. Учурда Тоң районундагы “Алмалуу” этно-айылды биргеликте дүйнөгө таанытып жаткан учуру.
Самыйбек Осмоев менен Жылдыз Асанакунова “Алмалуу” этно-айылды мындан 9 жыл мурун түптөп башташкан. Бул лагерди ачуунун башкы максаты Тоң районундагы касиеттүү, уникалдуу жер-сууну дүйнөгө таанытуу жана табиятты коргоо болгон. Учурда бул жубайлардын иши районго эле эмес республикага, чет өлкөлөргө тааныла баштаган.
Бүгүнкү күндө Жылдыз Асанакунова менен Самыйбек Осмоев этно-айылдын ишин жөнгө гана салбастан, андагы баардык иштерди өздөрү кылышат. «Туризмде бул аялдын, бул эркектин жумушу деген болбойт, колубуздан келгенин намыстанбай атандашуусуз жасай беребиз», — дейт Самыйбек Осмоев.
«Алгач этно-айылды 3 боз үй менен баштаганбыз, учурда 18 боз үйгө жеткирдик. Жубайым экөөбүз тең чыгармачыл адамдарбыз, Каракол шаарындагы көркөм графика факультетин аяктаганбыз. Кесибибиз боюнча мугалим болгондуктан, алгач мугалим болуп иштегенбиз. Андан соң туризм жагын колго алалы деп чогуу иш баштадык. Туризмде ар кандай иштер көп, бул эркектики, бул аялдыкы дебестен, кээде мен жасачу жумушту жубайым жасап коет, жубайым жасачу жумушту мен жасап коем. Туризмдин жакшы жери сен, мен демей жок. Этно-айылга туристтер көп келгендиктен даамдуу тамактар бизде жасалып турат. Мен тамактардын ичинен таш кордону өзүм даярдайм. Бул дагы өзүнчө өнөр деп ойлойм».
Самыйбек Осмоев менен Жылдыз Асанакунова этно-айылдан сырткары 3 жылдан бери Тескей геопаркын ачышкан. Анда Тоң районуна кирген 42 уникалдуу жер-суулар киргизилген. Учурда ЮНЕСКО уюмуна 8 уникалдуу жерлерди киргизип, статус алуу иштери менен алектенип жаткан учуру.
«2-3 жылдан бери кийинки урпактарга жаратылышыбызды сактап калалы деп умүт менен геопарк боюнча иш алып баруудабыз. Буйруса статус алабыз деген ниеттебиз. Жубайым экөөбүз геопарк үчүн көп жумуш жасадык. Жубайым көрсөтмөлөрдү көп даярдайт, бул тааныштырууда керек нерсе».
Жубайлардын кесиби бир болгондуктан алар ар дайым долбоорлорду бирге ишке ашырышат. Геопаркты ачууда да алардын чыгармачылык идеалары дал келгендиктен, ар бир иш тез жана таасирдүү болот. Бүгүнкү күндө этно-айылдын дээрлик бөлүгү экологиялык таза нукуралуулукту көргөзүп турат.
Бурул Майрамбек кызы