Коом өнүккөн сайын бала өстүрүүдө, атанын орду маанилүү экени айкын болуп жатат. Эркек бала болобу кыз балабы атанын камкордугун, мээримин сезип чоңоюшу керек дешет адистер.
Толугураак, аудиосюжеттен кенен угуңуз:
Кыргызда жакшы сөз бар, куш уядан эмнени көрсө, ошону алат. Анын сыңарындай үй-бүлөдөгү мамилелер баланын калыптанышына таасирин тийгизерин билген Токтобек Ысыранов ар дайым балдарга туура үлгү көрсөтүү аракетин көрөрүн айтат:
«Биз балдарга тарбияны үй-бүлөдөн башташыбыз керек. Анткени, үй-бүлөнү көрүп, балдар өсөт.Үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай, бакканга аракетин кылыш керек. Өзүнүн турушу менен балдарга жөн гана куру сөз катары айта бербей, кылган аракети менен үлгү болуш керек. Куш уядан эмнени көрсө, ошону алат. Ата-энелер, болгон аракетибизди өзүбүз үлгү катары көрүнүп, аткарышыбыз керек».
Көп учурда аталар башка иштер менен алектенип, үй ичиндеги жумуштар менен катар бала тарбиялоо дагы апалардын мойнуна илинип келет. Балдарды өстүрүүдө эне менен катар атанын катышуусу дагы маанилүү. Бул бала төрөлгөндө эле башталуусу зарыл деген пикирин педагог жана балдар психологу Рано Акматова билдирди:
“Балдарга атасынынын энесине болгон мамилеси-бул келечектеги балдардын үй-бүлөсүнө кандай мамиле кылаары аныкталып калат. Бала тарбиялоодо, эң маанилүү нерсе, атанын апага болгон жакшы мамилеси, абдан зарыл нерсе. Каалайбы, каалабайбы балдар чоңоюп бүлө күткөндө өз атасынын, энесинин айткан сөздөрүн, кылган иштерин кайталап калышат.Ошондуктан, ата-менен апа, балдарга ынтымактуу үй-бүлөнү көрсөтүш керек.”
Ар бир ата-эненин бирден-бир максаты, баласына туура багыт берүү, өстүрүү балдар психологу Рано Акматова ата-энелер учун мындай кеңештерди сунуштайт:
«Бала тарбиялоодо, туура макташ керек, туура жазалаш керек. Балага эркиндик десе эле каалагандай жаша деген эрк эмес. Баланы кайсы туура, кайсы туура эмес. Бул жашоодо эмнелер жаман, эмнелер жакшы, кандай нерселер зыян алып келет. Жашоо менен тааныштыруу биздин милдетибиз. Балдар менен сүйлөшүп, жакшы көргөнүбүздү ачык билдирген болсок. Ата-эне да бири-бирин түшүнүшүп жашаган болсо, анда ал үй-бүлөдө эч качан жаман бала тарбияланбайт. Жакшы балдар, жүрөгү тынч, тарбияланып чыгат.»
Үй-бүлөдө балдарга берилген туура тарбия – коомдогу биримдикти күчөтөт. Үй-бүлөдө ата-эне балдарына тарбия берүүдө аларды уул-кыз дебей, улуу-кичүү дебей ар бирине бирдей көңүл бөлүп тарбиялоосу зарыл.
Анара Мааметова