Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында таштанды чыгаруу маселеси бир нукка түштуү.Ал жөнүндө сессияда каралды.Ар бир үйдөн кварталына 200сом берүү каралган.Бул туурасында Сары-Булуң айылынын социалдык кызматкери Бурулкан Кадырбекова билдирди
Бурулкан Кадырбекова: «2022-жылдын июн айынан баштап Кара-Суу айылында таштанды чыгаруу бир нукка түштү. Жергиликтүү кеңештин депутаттары сессияда карап, ушул таштандыны чыгаруу боюнча ар бир үйдөн кварталына 200сомдон деп чечим чыгарып кабыл алып беришти ошол күндөн баштап ар бир үйдөн 200сомдон чогултуп, ай сайын таштанды чыгаруу колго алынды.
Мурда жергиликтүү элде түшүнбөчүлүк болуп таштандыларын ар бир жердеги казылган чуңкурларга же аңыздарга таштап келишкен. Андан тышкары, желим бөтөлкөлөрдү да таштаттырбай өзүнчө чогултуп, айыл өкмөт тарабынан камсыздалып желим бөтөлкө салганга атайын кутучалар жасалды. Эл көп келүүчү жерлерге, Кара-Суу айылында эс алуу парккы ачылган ошол жер, балдар ойноочу футбол аянтчасына, айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына коюлду. Андан башка Табылгыты айылына экөө коюлду. Беш даана бөтөлкө салуучу кутуча жасалган»,- деп билдирди.
“Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы мындай деп билдирди: «Биз бул таштандыларды ай сайын чыгарып турабыз. Айылдын элдери кварталына 200сомдон беришет. Ошондо 1жылга 600сомдон беришет. Биз ай сайын чыгарып турабыз машинаны, бензинин, жүк салуучу адамды бүт өзүбүз камсыздайбыз. Ошол элден түшкөн акча менен өзүн өзү жабат. Эл бул боюнча толук түшүнгөн мамлекетке деле күч келбейт. Биз болгону ошол ишти координациялайбыз. Бизде кызматкер бар өзү социалдык маселелер боюнча адис ошол эже кошумча ушул жумушту да аткарып, уюштуруу иштеринин башында турат.
Биздин айылда таштанды чыгаруудан тышкары элдин аң сезимин ойготуу боюнча дагы баягы желим баштыктарды бүт өзүнчө сорттоп салуу боюнча элибизге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ал боюнча жанагыдай ящиктерди жасатканбыз, ошол ящиктерге 1эле айда бир канча желим бөтөлкө чогултуп, кампаларга чогултулуп жатат. Аны 1жыл бою чогултуп шаарга өткөрүлүп, тактап айтканда бул да кошумча киреше табууга жетишип жатабыз”,- Сары-Булун айыл аймагынын өкмөтү Марлис Олжотоев сөзүн аяктады.
Эвелина Жумабекова