Миграция күч алган заманда ата балдарына жетиштүү көңүл буруп аларды өстүрүүгө катышып жатабы деген суроо туулат. Ар бир балага өз ата-энесинин камкордугу, мээрим, сүйүү тартуулаганы маанилүү. Бул муктаждыкты башка эч ким толтура албайт.
Көпчүлүк аталар тиричилик иштер менен алек болуп, бала өстүрүүдө оолак болуп калат. Бул чоң жаңылыштык. Анткени бала эне мээримине муктаж болгондой эле атанын мээримине муктаж деди Жоомарт Боконбаев атындагы жатак-гимназия мекемесинин директору Илман Ибраимов.
Жеке ишкер Гулжамал Кадыбаеванын пикиринде ата өзү жасаган иштери менен балага үлгү болот. Атанын сүйлөгөнүн жүрүм-туруму менен бала калыптанат деп эсептейт.
Гүлназ Камбарали кызы