Окуучулар 9-классты аяктап жатканда кесип тандоо боюнча ойлоно башташат. Алар көбүнчө бүгүнкү күндөгү эң атагы чыгып жаткан окууларга баргысы келишет. Ал эми мындай кыялдары ишке ашпай калып ата-энесине жардам берип, ар кандай жумуштарда иштеп, мал багып кеткендер да бар.
Айыл жергесинде көпчүлүк эркек балдардын кичүүсү же малга тыңы жогорку билим алышпайт. Алар мектепти бүтөөрү менен мал багып сарайларда жашап калышат. Алардын жогорку окуу жайда окубай калышына ата-энелер чоң себепкер болушат. “Сен үйдүн кичүү уулу болгон соң, чоңойгондо билим албай эле кой, сага кесиптин кереги жок, мал менен деле жан багасың, же сен окуу жайга тапшырбай эле кой үйдөгү бир туугандарың бүт билим алышты, малга тыңы эле сенсин”, -дешип баланын келечек бактысына балта чаап, окутпай коюшат. Ал эми кесипке ээ болууну кыялында гана калтыргандар бир топ арбын.
Келечекте милиция болгусу келген Толкунбек Жанышбек уулу бул кыялына жетпей калган. “Мага ата-энем кичине кезимен эле “сен окубай эле кой, мал багасың” деп көп айтышчу. Анткени мен мал багууну кичинемен эле жакшы өздөштүрүп, малга да жакын болуп чоңойдум. Анан 6-7-классыман баштап, малды каралашканга ата-энем менен сабактарымды калтырып сарайга кетип калчумун. Убагында сабактарымды калтырып малга кетип калганым билинчү эмес. Кийин мектепти бүтүп окуу жайга тапшыраарда атам менен апам мени шаарга кетиргиси келбей, малга алып калууну чечишкенде, сабактардан көп калганыма өкүнгөм”, -дейт.
Толкунбектин келинчеги Акжолтой Качкынбек кызы да кесипке ээ болгон эмес. Алар үйлөнгөндө кесипти эмес мал багууну тандашкан. Анткени Толкунбектин бир туугандарынын баары билим алууга шаарга кетишсе, улуулары иштеп башташкан. Андыктан сарайга барып малды багуу аларга жүктөлгөн.
“Толкунбек окуп жүргөндө өтө жоош бала болчу. Ал ар дайым сабакка келгенде малдар, алардын түрлөрү, аларды багуу боюнча көп айтчу. Биз сыяктуу келечекте кесип тандоо боюнча кыялдары көп айта берчү эмес. Анын кесип тандабай жатканын анын жооштугунан го ойлочубуз. Ал 9-классты бүткөндө эле ата-энесине жардам берем деп окуусун таштап койгон. Классташтар көрсө анын ата-энеси малга алып калуу пландары бар экенин ошондо билдик”-дейт классташы Бердибек Токтосун уулу.
Толкунбек үй-бүлөдө ортончу уул, байке-эже, ини-карындаштары бүт жогорку билимдүү, алды мамлекеттик кызматтар да эмгектенишет. Аларды көрүп балдарын келечекте кесипке ээ кылам деп кыялданат, ал гана эмес улуу кызын шаардагы мыкты мектептерде окутуп келет.
Гендердик эксперт Бактыгуль Исланбекова “9-классты окуп бүтүп окуусун таштап койгондор бүгүнкү күндө абдан көп кездешет. Бул жакта да гендердик айырмачылык бар, анткени 9-классты бүтүп окуусун таштап койгондордун көбү эркек балдар. Алар ата-энесин, бир туугандарын экономикалык жактан каржылоо максатында ишетеп кетишет же болбосо үй чарбасына, талаа иштерине жардам берүү үчүн да окуусун таштап коюшат. Ал эми кыздар болсо эрте турмушка чыкканда, ата-энесинин диний көз караштарынан улам окуусун таштап коюшат. Бул тилекке каршы өздөрүнүн укуктарын билбей, эч жакка кайрыла албай калгандыктан болуп жатат. Ал эми укук талааны карасак Конституциянын 46-беренесинде “Кыргыз Республикасынын ар бир жараны билим алууга укуктуу” деген кепилдик берилген. Мыйзамдардан тышкары дагы “Балдар кодексинде” 10-беренесинде “балдар билим алууга укуктуу” деп көрсөтүлгөн.
Бул конституциялык жоболор “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” атайын мыйзамда чагылдырылган. Бул мыйзам гендердик теңчилик түшүнүгүн аныктайт: «Гендердик теңчилик– аялдардын жана эркектердин бирдей укуктук статусу жана аны жүзөгө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрү, ал адамдарга жынысына карабастан жашоо-турмуштун саясий, экономикалык, эмгектик, социалдык, коомдук жана маданий чөйрөлөрүнө катышуу үчүн өз жөндөмдүүлүгүн эркин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилиши.».
Бул укук Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодексинин 10-беренесинде “Баланын билим алууга укуктарынын негизги кепилдиктери” бекемделген: «Ар бир бала … билим алууга укуктуу жана ага мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында акысыз башталгыч, негизги, орто жана акысыз башталгыч кесиптик билим алуу кепилденет.»
Балдардын укуктары боюнча конвенция – БУУнун биринчи конвенцияларынын бири, Кыргызстан 1994-жылы кошулган, 28-беренеде: «Катышкан мамлекеттер баланын билим алуу укугун тааныйт жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде бул укукту ишке ашырууга бара-бара жетишүү максатында алар, атап айтканда:
a) акысыз жана милдеттүү башталгыч билим берүүнү киргизишет;
…
e) мектепке үзгүлтүксүз баруусун камсыз кылышат жана мектепти таштап кеткен окуучулардын санын кыскартуу боюнча чараларды көрүшөт».
Балдардын укуктарына мамлекеттин артыкчылыктуу көңүл буруусу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинде бекитилген: «Кыргыз Республикасында баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын колдоо жана камсыз кылуу принциби колдонулат». Бул принцип укуктардын ар кандай түрлөрүнүн ортосунда карама-каршылык болсо, мисалы, дин тутуу эркиндиги жана андан улам кыздардын мектепке баруусуна тыюу салуу жана баланын билим алуу укугунун ортосунда карама-каршылык болсо, балдардын билим алуу укуктары биринчи орунга чыгат жана мамлекеттер тарабынан корголот дегенди билдирет.
Кесип тандоодо, билим алууда кыздар сөзсүз окуш керек, балдар окубай койсо болот деген стереотиптен алыс болуу ата-энелердин милдети. Эгер бала билим алууну каалап жатса, аны мал багууга же айыл чарба иштерин жасап калууга таңуулоо бул балдардын келечектеги кыялына жетүүсүнө жолтоо болот.
Ар бир жаран билим алып, кесип тандоого укуктуу.
Бурул Майрамбек кызы