Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу айылынын тургуну Дастан Кумарбек уулу сууну бойлото эс алуу жай курган. Анда форель балыктарын өстүрүп ишкерлик кылууда.
Дастан Кумарбек уулу мындан 4-5 жыл мурда балык өстүрүү үчүн балыктын чабактарын агын сууну тосуп, ага салган.Табигат кырсыгынан улам балыктарынан кол жууп, кайра ишти баштоо үчүн каражат жетишсиз болуп турган маалда бир тууган женеси Бурулсун Таштемирова Социалдык контрактын негизинде 100000 сом алып балык чарбасы боюнча иш алып баруу планын айткан:
“Башында билбестик кылып агып жаткан сууга эле балыктарын алып келип салып, кыянга алдырып жибергем.Азыр түшүнүү менен атайын балык кое берүү үчүн узундугу 7 метр ,туурасы 3 метр ,тереңдиги 2 метр болгон атайын көлмө казып айланасын песко блок менен тосуп астынан труба койдум кир суу сыртка чыгып туруу үчүн, үстүнөн труба менен таза суу куюлуп тургудай кылып жасадык. Көлмөгө 1 тонна 600 кг балык салдым. Бүгүнкү күндө балыктарым чоңоюп калкка тартуулап жаткан кезибиз.”
Учурда чакан эс алуу жайында 4 тапчан ,1 боз үй менен калкка кызмат көрсөтүүдө. Ачылганына аз убакыт болсо дагы кардарлар тынымсыз келип жатат:
“Элдин келүүсү аябай жакшы. Буйрутма менен дагы келишет.Кээде боз үй,тапчандар бош эмес болуп эл күтүп калган учурлар болуп жатат. Бүгүнкү күндө бизнес план жазып келечекте жеке ишкер болууну көздөгөн бир тууган жеңем Бурулсун Таштемирова өзү бул бизнестин башында турат. Мындан сырткары кошумча жумушчуларды алганбыз жалпы 7 адам калкка кызмат көрсөтүп ,үй бүлөбүзгө киреше таап жаткан учурубуз”
Чакан эс алуу жайга айыл тургундарынан сырткары райондун башка айылдарынан дагы келип суроо талап болуп жатканын байкаган ишкер алдыда бизнести чоңойтууну пландап жатканын айтат:
“Келечекте балык чарбаны кеңейтүу, азыр 1 көлмөдө багып жатсак келечекте дагы 5 көлмөдө 10 тонна балык багуу ,15 сотых жерибиз бар. Ушул жерге боз үй, тапчандардын санын көбөйтөбүз,келген меймандарыбызга жагымдуу шарт түзүү үчүн спорт аянтчасын балдар ойноочу батуттарды орнотобуз.Машина токточу жай
курабыз.Бул чарбада эмгектенген адамдын саны дагы көбөйөт деп
ишенем”
Эс алуу жайдын ачылганына 2-3 ай гана болгонуна карабай кардарлар жаратылыш койнунда балык жегенине ыраазы. Жеке ишкерлер алдыда балык чарбасын кеңейтип эс алуу жайдагы шарттарды жакшыртып, кошумча жумушчуларды алууну пландап жатышат.
Бурулкан Кадырбекова