Коомдо алимент төлөөдөн качкан аталар байма-бай айтылып, массалык маалымат каражаттарында да чагылдырылып келет. Бирок, серепчилер Кыргызстанда баланы багуудан баш тарткан энелер дагы бар экенин белгилешет. Баланын атасы же энеси аны өстүрүүгө катышпай калса алимент төлөө милдет экенин эскертишет.
Толугураак, аудио сюжеттен угуңуз:
Юрист Аймаран Таабалдиев коомдогу менталитет аталардын алимент алуусуна бейкапар мамиле кылып келет. Бирок, алимент бул атага же энеге эмес, балага берилген акча экенин түшүнүү маанилүү. Мыйзамда эркек менен аялдардын укуктары бирдей теңдештирилген.
«Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк кодексинин ченемдерине ылайык ата-энелер, өздөрүнүн балдарына карата бирдей укукка ээ жана бирдей милдеттерди аркалашат. Эгерде атасы же энеси өздөрүнүн жашы жетпеген балдарына каражат бербесе, аларды баккан каражат алимент».
Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын Региондор аралык башкармалыктын сектор башчысы Акбар Эрматов алимент алуунун мыйзамдуу жолун, төмөндөгүчө билдирип кетти:
“Алимент алуу үчүн атасы же балдардын апасы тарабынан сот органдарына доо арыз менен кайрылышы керек. Сот карап туруп анан соттук буйрук чыгарат. Соттук буйрук сот аткаруучулар тарабынан аткарылат. Бир балага 25%, 2 балага 30%, экиден көп болсо, 50 пайыз, баардык киреше булактан кармалат”.
Адистер, пикир келишпестик ж.б себептерден улам үй-бүлө ажырашканда балдар ар түрдүү моралдык жана материалдык жоготууларга дуушар болоорун билдирип, үй-бүлөдөгү эки ажырымдан улам балдар жабыркабагандай болушу керектигин кошумчалашат. Бала атасы же энеси менен калганда алимент төлөгөн тарап, ал акчаны бала үчүн берип жатканын жана ал милдети экенин түшүнүү маанилүү.
Анара Мааметова