Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Бул чогулушта окуучулардын мектеп формасына калпак киери жарыяланды.
Корчубек Акназаров атынданы жалпы орто билим берүүчү мектебинин тарбия иштеринин уюштуруучусу Адил Жумалы уулу:
«Бүгүн мектепте жалпы ата-энелер чогулушу өткөрүлдү. Чогулушта биз эрте никеге туруу, кылмыштуулуктун алдын алуу, окуучуларга карата зордук-зомбулук маселеси, ошондой эле мектепте окуучулардын сабакка кечигүүсү, окуучулардын сабактан калуусу жана форма маселеси боюнча көйгөйлөр каралды. Ал боюнча дагы атайын кылмыштуулук боюнча өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Венера Төрөкуловна келип, ата-энелер менен биргеликте талкуулап, бардык мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетти. Ошону менен биргеликте телефон жана түнкү басууларды токтотуу тууралуу да айтып өттү. Ал эми форма боюнча мен тарбия иштеринин уюштуруучусу катары ата-энелерге мындай сунуш киргиздим. Мектебибизде атайын окуучулар Манас, Семетей, Сейтек уюму болуп бөлүнгөн. Манас уюмуна 9-11-класс, Семетей уюмуна 5-8-класс, Сейтек уюмуна 1-4-класстын окуучулары кирет. Ошол уюмдар боюнча эркек балдар үч бөлөк өңдөгү калпак, галстук кыздар бантик тагынуусу жөнүндө сунуш киргиздик. Бул сунушту бардык ата-энелер туура көрүп, колдоп беришти. Буюрса март айынын башталышы менен бир өңчөй калпак, галстук жана бантикке өтөрүбүз белгилүү болду».
Нурпери Качкынбекова, Бурулсун Рысбекова