ВИЧ оорусу көп жылдардан бери дүйнө жүзүндө чоң көйгөй болуп, дарысы азыркы күнгө чейин табыла элек. Кыргызстанда ВИЧ оорусу күчөп жатат деген маалымат интернет булактарында жайылып жатат. Бул маалымат канчалык чын экенин айылдык медайымдан сурап көрдүк.
Айзада Касымова
№6 Чолпон айылынын башкы медайымы Айзада Касымова оорунун жугуу жолдоруна токтолуп, бул дарттан толук айыгууга мүмкүн эмес экенин кошумчалады. Дарынын негизинде көзөмөлдөп турууга гана болот. Эгер оору канга өтүп кетсе аягы өлүм менен аяктайт:
«ВИЧ оорусу азыркы күндө өтө актуалдуу болуп эсептелет. Бул оору көп жылдардан бери дүйнө жүзүндө чоң көйгөй болуп, азыркы күнгө чейин дарысы табыла элек. Кыргызстанда ВИЧ күчөп жатат деген маалымат чын. ВИЧ кол алышып учурашуудан, чогу тамактануудан жана башка жолдор менен жукпайт. ВИЧ оорусу үч жол менен жугат, жыныстык катнаштан, энеден балага жана таза эмес шприцтер аркылуу. Бул ооруну жугузуп алгандан кийин аны айыктырууга мүмкүн эмес. Даарынын негизинде көзөмөлдөп турууга гана болот. Эгер оору канга өтүп кетсе аягы өлүм менен аяктайт».
Аяна Эрланова, Амина Кубанычова