Өлкөдөгү экономикалык абалдын өнүгүүсүнө салым кошуу, жарандардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу, кичи ишкерликти өнүктүрүп, үй-бүлөлүк бюджетти туура пландаштыруу, ыксыз чыгымдар жана жергиликтүү бюджеттин максаттуу колдонулушун көзөмөлдөө сыяктуу маанилүү темалар аймактык журналисттердин кызыктуу медиа материалдарына айланды.
Экономикалык темаларга көңүл буруу абзел.
Бүгүнкү күндө кыргыз тилдүү ЖМКлар арасында экономиканы өнүктүрүүгө багытталган медиа материалдары сейрек жайгаштырылат. Мунун биринчи себеби, журналисттик материалдардын аудиториясы дээрлик бул темага кызыкпагандыгында болсо, экинчиден эң маанилүү тарабы, бул журналисттердин экономикалык темаларды чагылдыруудагы көндүмдөрүнүн аздыгы да эсептелет. Акыркы учурлардагы журналисттердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган окутуулар жана стипендиялар дээрлик саясат, конфликт, гендердик теңчилик, адам укуктары сыяктуу маселелерин чагылдырууга багытталууда. Ал эми экономикалык журналистиканы өнүктүрүү, алардын чеберчилигин өстүрүүгө багытталган иш-чаралар саналуу гана. Алардын бири 2023-жылы ACTED Kyrgyzstan тарабынан колдоого алынган “Экономикалык өнүгүү үчүн ак ниет башкаруу” EGED долбоору. Долбоор “Медиа сабак” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып, эки облустун (Нарын жана Ош) аймактык журналисттерине бир катар иш-чараларды уюштурууга жетишти.
Аймактагы кыргыз тилдүү журналисттердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууда бир катар онлайн тренингдер, жолугушуулар өткөрүлүп, аймактагы экономикалык маселелерди талкуулаган тегерек стол да уюштурулган.
Журналисттердин ишинде эң негизги этап бул маалыматтык учур, же болбосо тема аныктоо. Эгерде автор тандаган теманы мыкты биле албаса, анда ал тууралуу материал даярдоо майнапсыз болору шексиз. Андыктан долбоордун алкагында өткөрүлгөн онлайн сессияларда дал ушул экономикалык терминдер, темалардын сунуштамасы жана аларды кеңири талкуулар жүргүзүлдү.
Экономикалык өсүүнүн себептери, бюджеттик-салык саясаты, каржы-насыя саясаты, баалардын жогорулашынын себеби, чакан жана орто бизнес темалары онлайн сессияларда ачыкталды. Бул темаларды билүү аркылуу журналисттер экономика тууралуу билимдерин жогорулата алышкандыгын долбоордун катышуучусу, Нарын облусунун Нарын районундагы Оттук жана Казан-Куйган айылдарындагы “Усупбекстан” жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбекова баяндады:
“Экономикалык журналистика долбоорунун алкагында мен алгач http://coursive.id.ru сайтынан дата анализ боюнча онлайн окуудан өттүм.
Андан соң биз вебинарларда экономикалык журналистика боюнча бир нече темаларды өтүп, талкуулай алдык.
1. Экономикага киришүү
2. Журналистикадагы экономика
3. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр, индикаторлор
4. Жергиликтүү бюджет
5. Каржы базары(акциялар, депозиттер, кредит, ж.б.)
Бул темалар мага экономикалык онлайн материал жасоого чоң жардамын тийгизди. Мен өтүлгөн программа боюнча алган билимдеримди колдонуп, депозиттин актуалдуулугу тууралуу онлайн материал даярдап чыга алдым.
Бул материал көп адамдардын депозитке карата көз караштарын өзгөртө алды. Материалды окуп, депозит жөнүндө эми түшүндүм деген айыл тургундары да болду. Кээ бирлери болсо балдарына депозит ачып келдик деп айтышты. Бул мен үчүн жакшы жетишкендик болду.
Ошондой эле жергиликтүү жарандык бюджет туралуу да көп билимдерге ээ боло алдым. ЖБ тууралуу онлайн сайттан эле маалымат топтогонду биле алдым жана өзүбүздүн айылыбыздын тургундарына да бул тууралуу маалымат берип, алардын да кызыгуусун жарата алдым.”
Дата Incubator — журналисттердин анализ жасоо көндүмдөрүн жогорулатуу.
Экономикалык темада журналисттик материалдарды даярдоодо сандар эң башкы ролду ойногондуктан, авторлор сандарды туура жана так берүү, ошондой эле аудиторияга окумдуу кылып жасалагалоосу керектелет. Учурдун талабына ылайык, ачык булактар менен иштөө, маалыматка жетүү, аларды визуалдаштыруу көндүмдөрүн катышуучулар “Дата Incubator” аталышындагы мастер- класста үйрөнө алышты. Жыйынтыгында катышуучулар топторго бөлүнүп, ачык булактардан алынган маалыматтарды журналисттик материалга айландырып, чыгармачылык кылууга жетишти.
“Дата Incubator” курсу IDEA CA тарабынан уюштурулуп, дата-анализ жасоо, анализдерди кызыктуу кылып визуалдаштыруу, маанилүү көйгөйлөрдү сандар аркылуу көрсөтүп берүү көндүмдөрүнө арналган. Аталган курстун катышуучусу, эркин журналист Дилде Шатанова:
“Мурда экономика боюнча терең билимим жок эле, тренингдерде берилген темалар абдан пайдалуу болду. Жарандык бюджет боюнча да маалыматым жок эле, абдан пайдалуу тиркеме экен. Сунушум тренингдердин онлайн болгону бираз ыңгайсыз болду, андыктан оффлайн тренингдерди жасоо сунушун да арап көрүшүңүздөрдү суранам. Бул долбоордон кийин экономика жаатындагы эксперттерди табуу, алар менен баарлашуу оңой болуп калды мен үчүн”.
Нарын жана Ош шаарларында өткорүлгөн тегерек столдо, ар тараптуу коомчулуктун өкүлдөрү келип, аймактагы экономикалык бир катар маселелерди атай кетишти. Бул иш-чара журналисттердин мынадан ары кайсы темалардын үстүндө иш алып баруусу керектигин аныктоого чоң жардамын тийгизди. Нарын шаарындагы тегерек столго жарандык активисттер, райондук администрациянын өкүлдөрү, мугалимдер, салык кызматы жана финансы -экономикалык бөлүмдөрдүн адистери катышты. Алардын билдирүүсүндө, учурда ЖМКлар жергиликтүү тургундарга каржылык сабаттуулук, ийгиликке жетишкен ишкерлер тууралуу маалыматты аз берерин айтып өтүштү. Андан тышкары калктын каржылык сабаттуулугун өстүрүүдө да журналисттин ролу чоң экендигин баса белгилешти.
Ал эми Ош облусундагы тегерек столго билим берүү тармагынан катышуучулар көп келгендиктен, мектептердеги ремонт маселеси, тендер жана калктын каржылык сабаттуулугун жоюу, ысырапкорчулукка бөгөт коюу маселелери биринчи орунда турары белгилүү болду. Андан тышкары салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр да чакан ишкерлерге кыйынчылыктарды жаратып жатканына көңүл бурушту.
Тынчтыкбек Досмуратов долбоордун катышуучусу, блогер жана активист. Ал тегерек столдо котөрүлгөн маселелер абдан маанилүү экендигин жана коп жаңы маалымат алгандыгын айтты: “Ош шаарында өзүм жашап жүргөнүм менен экономикалык маселелер тууралуу коп ойлонбоптурмун. Бүгүнкү тегерек столдо мен билбеген көйгөйлөр да айтылды. Мисалы, кабаттуу үйлөрдө квартираларды ижарага берүү жана аларга карата баалардын кескин көтөрүлүп кетиши, Ноокаттын алмасынын баасы төмөндөп, баркы кеткендиги тууралуу темалар мени кайдыгер калтырган жок”.
Ош жана Нарын шаарындагы өткөрүлгөн тегерек столдор долбоордун катышуучулары үчүн да маанилүү болду. Анткени тегерек столдун жыйынтыгы менен алдыда даярдай турган темаларды да аныктай алышты. Эксперт, экономисттен бетме-бет кеңеш алып, материалдын форматы, мазмуну тууралуу да суроолорду бере алышты.
Экономика темасын камтыган журналисттик материалдар.
Долбоордун кийинки маанилүү этабы бул журналисттик материалдарды даярдоо жана жарыялап, жайылтуу болду. Бул этапта журналисттер тандап алган темаларынын үстүндө ментор менен биргеликте иш алып барышты. Ар жума сайын белгиленген убакытта онлайн жолугуу аркылуу ар бир журналист менен жеке иш алып барылып, комментарийлер берилип жатты. Иштөө тартибин жеңилдетүү максатында гугл дискте жүктөлгөн баштапкы материалдарга сунуш-пикирлер жазылды.
Журналисттер тандап алган темаларынын үстүндө иш алып барууда, теманын экономикалык аспектилерин ачып берүүдө жана фокус алууда кыйынчылыктарга дуушар болушту. Мунун себеби, мурда материал даярдоодо теманын экономикалык жагын карай билүү көндүмдөрүнүн жоктугунда болду. Андан тышкары, телеканалда эмгектенген тележурналисттердин маселеси, бул визуалдаштыруу аспаптарында иштей билүү көндүмдөрүнүн алсыздык жактары да болду. Ментордук сессиялардын жүрүшүндө аталган кыйынчылыктарды жоюу максатында, жеке жолугушуулар аркылуу консультациялар берилди.
Натыйжада ар түрдүү жанрдагы 11 журналисттик материал жарыяланды. Даярдалган материалдарды жайгаштырып гана тим болбостон, ал материалдар окурмандарга кандай пайда алып келгендигин да байкап, сурамжылоо жүргүзүп, аудиториядан ой-пикир чогултуу да маанилүү экендиги баса белгиленип жатты. Жарыяланган материалдар насыя алуу, депозит ачуу, бала бакча ачууга канча каражат сарпталат, жеке ишканалардын бюджетке кошкон салымы, туура тамактануунун баасы кандай, эчкинин тыбыты жергиликтүүлөр үчун киреше булагына айланды, кордолгон кой териси жана ал иштетилсе кандай экономикалык пайда көрүүгө боло тургандыгы тууралуу материалдар жарыкка чыкты.
Балдар үчүн депозит
https://kyrgyzmedia.kg/bala-t-r-lg-nd-n-tartyp-depozit-achy-yz-2/
Материал www.kyrgyzmedia.kg сайтында жарыяланган жана ошондой эле Community Media редакциясы тарабынан социалдык тармактар аркылуу да жайылтылган. Инстаграмдагы көрүүлөрдүн статистикасы боюнча Жаматтык медиа эң көп көрүүнү -17 000 же андан көп көрүүнү алган.
https://kyrgyzmedia.kg/karazatty-chogultup-zhana-n-md-zhumshagandy-jr-nd-m/
Материал www.kyrgyzmedia.kg сайтында жарыяланган жана ошондой эле Community Media редакциясы тарабынан социалдык тармактар аркылуу да жайылтылган. Материал жарыялангандан кийин материалдагы карталар Актала районунун айыл тургундарынын топторуна whatsapp аркылуу таратылган. Бул карталар балдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн мектеп лагерлеринде да колдонулат. Материал балдар жана мектеп окуучулары үчүн пайдалуу кеңештерди камтыйт.
Эмне үчүн бала бакчалардын жетишсиздиги маселеси чечилбей жатат. Талдоо
https://oshtv.kg/kyrgyzstanda-emnege-bala-bakcha-tartyshtygy-zhoyulbajt-analiz/
Материал ОшТВ сайтына жарыяланды. Материалдын форматы мультимедиалык, фото, видео жана инфографикадан турат. Сайт 300гө жакын көрүүгө ээ болуп, видеоклип телеканал аркылуу да таратылган.
Жеке ишканалар жана алардын жергиликтүү бюджетке кошкон салымы
https://t-media.kg/2023/05/17/oshto-ötkön-zhyly-500dön-ashuun-ishkana-katt/
Материал T-Media сайтына жарыяланды. Материалда статистика жана инфографика бар.
Катышуучу Айдай Беделбек кызынын эчкинин жүнү тууралуу экинчи материалы да T-Media сайтында жарыяланды – жергиликтүүлөр мындан кантип акча табышат.
https://t-media.kg/2023/05/29/chon-alaida-echki-tybyty-ui-bulonn-koshu/
Материалда сүрөттөр жана инфографика бар. Ошондой эле материалда бул кошумча жумушта элеттик аялдар чоң роль ойногонуна басым жасалган.
Туура тамактануу канча турат?
https://www.youtube.com/watch?v=gnRa0n6vulQ
Видео материал bizdin.kg сайтында жарыяланган. Адисттин катышуусу менен автор туура тамактануу ден соолук үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөтө алган жана туура тамактануунун экономикалык жагын да көрсөткөн.
Видеодон кийинки комментарийлерде көрүүчүлөргө мындай мазмун керек экенин көрүүгө болот, анткени аларда эсептөөлөрдү жүргүзүү, эсептөө жана ар дайым упайларды сактоо боюнча билимдери жетишсиз.
Жергиликтүү ишкер- Тандыр кандай жасалат?
https://fb.watch/kBCcettZo1/?startTimeMs=15000&mibextid=DDXixF
Материал T-Media социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланды. Бул окуя 47 миңден ашык көрүүгө жана көптөгөн комментарийлерге ээ болгон. Материал жарыялангандан кийин көрүүчүлөр тандыр сатып алуу, же усталардан кеңеш алуу үчүн ишкерлердин байланыш телефондорун биле башташты.
Койдун териси. Бюджетке пайда
https://bulak.kg/ky/2023/05/03/kordolgon-koj-terisi-maldyn-terisi-ishtetilse-boyudzhetke-pajda/
эки сайтка жарыяланган материал. Биринчиси bulak.kg сайты үчүн, андан кийин bbc.com/Kyrgyz басылмасынын сайтында
материал чечим журналистикасы (конструктивдүү журналистика) тарабынан даярдалган. Материалдын аягында маселени чечүүгө басым жасалат.
Жаназадагы ысырап
https://oshtv.kg/zhakynybyzdy-akyrky-saparga-uzatuu-үchün-925-min-sarptadyk-korotulgan-yksyz-chygymdar/
Материал ОшТВ сайтына жарыяланды. Материал телеканалдын социалдык тармактары аркылуу да жайылтылды. Материалдын мазмуну ысырапкорчулукка жана айрым жергиликтүү тургундардын бул абалдан кантип чыгып жатканына көңүл бурат. Бардык статистика жана маалыматтар акчанын көлөмү боюнча берилет.
“Айла жок”. Ошто мугалимдер ремонт иштерин өздөрү жасаганына даттанууда
https://ky.kloop.asia/2023/06/23/ajla-zhok-oshto-mugalimder-remont-ishterin-zd-r-zhasaganyna-dattanuuda/?fbclid=IwAR3dGDUnSeERWPUpN3ATkxo8k_xf56n0xDWM1iCaKJ-0OZYOcfdU2STUvZM
автор материалда Оштогу мугалимдер жайкы ремонт учурунда кандай чыгымдарга учурап жаткандыгы, эмне себептен бул көйгөй чыгып жатканын ачыктаганга аракет жасаган.
“Ысырапкорчулук”
https://youtube.com/watch?v=jSkpv3dkQj0&feature=share
Нарын шаарынын Нарын ТВ журналисти маркумду узатуудагы чыгымдарды азайтууга чакырган видеоматериал даярдаган, ошондой эле материалда кандай экономикалык чыгымдар кетерин көрсөтүп берген.
Материалдарды даярдоодо аймактарда позитивдүү жагдайларда да маалымат булактары өздөрүнүн тарыхы, көйгөйлөрү тууралуу ачык айтып, бөлүшкүсү келбей жаткандыгы байкалды.
Аймактык журналисттер материалдарды даярдоодо теманын экономикалык аспектилерине көңүл бурушпайт. Аларга материалдардан экономикалык багытты көрүү кыйынга турат, көпчүлүк учурда алар социалдык жагына (ден соолук, билим берүү ж.б.) ыктап кетишет. Мындан улам ментордук сессияларда бул боюнча кеңештер берилип, консультациялар уюштуруп жатты.
Долбоордун алкагында тандалып алынган медиаларга мониторинг жүргүзүлүп, экономикалык темаларда жазылган макалаларга талдоо жүргүзүлдү. Максаттуу маалымат каражаттарынын материалдарынын ичинен изилденип жаткан маселени ар тараптуу ачып берген аналитикалык материалдар өтө сейрек кездешет. Ошол эле учурда аналитикалык материалдардын пайызы 5,8%ды түзөт жана бул жанрдагы материалдардын көбү “Экономикалык өнүгүү үчүн ак ниет башкаруу” (EGED) программасынын алкагында даярдалган.
Материалды даярдоодо компетенттүү эксперттин пикирин эске алуу абдан маанилүү, анткени адам өзүнүн билиминин жана тажрыйбасынын негизинде изилденүүчү тема боюнча аналитика жана түшүндүрмө бере алат, бул материалды мазмундуу жана кызыктуу кылат. Жарыяланган кабарлардын/макалалардын көбү маалыматтык мүнөздө гана эмес, көбүнчө пресс-релиздерди жарыялоо же материалдардын кайра басып чыгаруу болуп саналат. Жазылган материалдарда эксперттердин катышуусу өтө төмөн, болгону 12,9%. Көбүнчө чиновниктер (министрлер, министрдин орун басарлары/жетекчилери) материалдар боюнча эксперттин ролун аткарышат, бирок ошол эле учурда көз карандысыз эксперт-экономисттердин жеткиликтүүлүгү өтө төмөн экендигин байкоого болот.
Мониторингдин жыйынтыгын эске алуу менен, кыргыз тилдүү ЖМКларда экономикалык темаларды медиа материалдын аз кездешкендигин жана жарыяланган материалдарда экономикалык көз карандысыз эксперттердин аз катышта экендигин көрүүгө болот. Мындан улам, экономикалык журналистикага байланыштуу иш-чараларга суроо-талап жогору экендиги байкалат.
Демек, ACTED Kyrgyzstan жана “Медиа сабак” коомдук фондунун тарабынан колдоого алынган “Экономикалык өнүгүү үчүн ак ниет башкаруу” EGED долбоору убакытка шайкеш келгендигин тастыктайт. Мындай иш-чаралардын узак убакытка уланышы мониторингде айтылган маселелерди жокко чыгармак. Долбоордун катышуучулары тарабынан дагы экономикалык журналистика боюнча окутуу, иш-чаралар, стипендиялардын улантылышы сунушталды. Ал эми долбоордун алкагында катышуучулар үчүн материалдарга сынак жарыяланып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралды. Учурда журналисттердин материалдары топтолуп, комиссиянын кароосунан өтүп жаткан учуру.