Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу тарабынан (АРИС) социалдык мобилизациянын натыйжаларын баалоо үчүн социалдык отчеттуулук боюнча чогулуш болуп өттү. Бул чогулушка Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын тургундары катышты. Аткаруу комитетинин долбоор алкагында Чолпон айыл аймагында жасалган иштери жөнүндө маалымат угушту.
АРИСтин айылды инвестициялоонун 3-долбоорунун алкагында кошумча каржылоо долбоору ишке ашырылган. Республика боюнча 4 облуска грант бөлүнгөн. Кочкор районунун ар бир айыл аймагына калктын санына жана жакырчылыктын деңгээлине, райондун борборунан алыстыгына жараша ар кыл багыттары критерийлер белгиленген. Кочкор району боюнча коомчулуктун технологиясын колдоо боюнча эксперт Эльмира Токоеванын айтуусунда, Чолпон айыл өкмөтүнө 95 миң доллар грант бөлүнүп, 4 долбоор ишке ашты.
Өткөрүлүп жаткан иш чара ишке ашкан долбоордун коомчулукту мобилизациялоо учурунда социалдык жоопкерчилик боюнча коомчулуктун жалпы чогулушу деп аталат. Ара-Көл, Эпкин жана Чолпон айылдарындагы ишке ашырылган, ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында коомчулукту мобилизациялоо учурунда коомчулуктун баа берүү картасы менен бааланды. Коомчулук келип катышып, 4 топко бөлүндү. Алар жаштар тобу, кызмат көрсөтүүчүлөр тобу, 36 жаштан жогору эркектер тобу жана 36 жаштан жогору аялдар тобу. Аткаруу комитетинин долбоор алкагында ушул айыл аймакта жасалган иштери жөнүндө маалымат угушту. Андан кийин баалоо критерийлери тууралуу маалымат алып, бул долбоор кандай ишке ашып жатат, мобилизация кандай жүрдү, коомчулук тартылдыбы, маалыматтын жеткиликтүүлүгү ачык-айкын болдубу деген суроого бардыгы өз бааларын беришти. Бул долбоорду ишке ашыруудагы күчтүү жана алсыз жактары аныкталды. Алсыз жактарын жакшыртуу боюнча чараларды айтып, план түзүлдү жана айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетинин төрайымына милдеттендирилди.
АРИС долбоорунун аткаруу комитети Аида Абдрахманова: «Ар бир айыл өзүнүн көйгөйлүү маселесин көтөрүп, долбоор жазып алып чыгышты. Оро-Башы айылында мектептин терезелерин алмаштыруу жана жылуулоо маселесин, Ара-Көл айылы ФАПты, Эпкин айылы мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча долбоор жазышты. Ал эми Чолпон айылы мектеп терезелерин алмаштыруу боюнча долбоор алып чыгып, атайын онлайн добуш берүү менен такталып, сунуш берилди. Долбоорлордун иш кагаздарын, сунуштарды жазып, ушул тендерге чыктык. Бизге Оро-Башы айылына айыл өкмөттөн өздүк салым катары 345 миң сом каралды. Калган 3 айылга Дүйнөлүк Банктын каражаты жетти. АРИСтеги координаторлордун сураган талабын аткаруу комитети өз убагында аткарып, эл менен тыгыз байланышта иштеп келдик. Жалпысынан бардыгы жаштар, аялдар, окууну бүтүп кеткен студенттер дагы бул добуш берүүгө жакшы катышып беришти», — деп билдирди.
Акылай Болотбекова, Гулира Сатарова