Нарын облусунун Кочкор районундагы айылдардагы орто мектептердин окуучуларына дебат тууралуу тренингдер өтүлдү. Бул иш-чаралар “Акылга болгон даабат” кербенинин алкагында уюштурулган, кербен “Сорос-Кыргызстан” Фонду тарабынан колдоого алынып, өткөрүлдү.
Дебатчылар Кочкор району боюнча 4 мектепке тренинг өтүштү
Дебатчы кыймылы Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева, Семиз-Бел айылындагы Арзымкан Бостонов, Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров, Мантыш айылындагы Таалайбек Курткаев мектептерине тренинг өтүштү.
Медина Самидинова жана Айпери Болотжан тренерлер “Эркин ой жүгүртүүнүн куралы — дебат”, “Тил үйрөнүүнүн эффективдүү ыкмалары”, “Креативдүү ой жүгүртүү” темалардын алкагында сүйлөшүп, мектеп окуучуларын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебиндеги тренинг
Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептин окуучулары
Ынтымак Таштанов