Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Гульнара Мырсырайымова мектеп окуучуларына 3 жылдан бери ийрим өтөт. Кошумча сабак бир жумада эки ирет 1,5 сааттан болот. Ага 30 окуучу катышууда.
Терек-Суу айылынын тургуну Гүлнара Мырсырайымованын окуучусу 13 жаштагы Адеми Кыдырмаева келечекте дизайнер болгусу келет. Ал бул кыялдарына жетүү үчүн ийримге калтырбай келип катышып, кол өнөрчүлкө кантип кызыгып кантип шыктанганын айтып берди:
“Мен кол өнөрчүлүккө абдан кызыгам. Гүлнара эжекенин үйрөткөндөрү мен үчүн аябай кызыктуу. Мен негизи кичинемден эле кол өнөрчүлүкө аябай кызыгып куурчактарга кийимдерди тигип абдан жакын болчумун. Менин кызыгып кетишиме апам түрткү болгон. Бош убактымда бир нерселерди тиккенди аябай жакшы көрөм. Биз саат 10дон 11:30га чейин окуйбуз. Ийримден сырткары жарманкелерди уюштуруп турабыз. Менден башка бул ийримге мени менен тең 3 кыз катышат. Мен кол өнөрчүлүктүн саймасы менен алектенем”.
Гүлнара айым кол өнөрчүлүк боюнча балдарга үйрөтүп келе жатканына 20 жылдан ашты. Ал эски нерселерден жаңы нерсе жаратканды жактырарын жана бул өнөргө кантип кызыгып калганын кененирээк мындайча айтып берди:
“Мен өзү кичинекей кезимден эле кол өнөрчүлүккө кызыгып жакшы көрөм. Эски нерседен жаңы нерсени ойлоп таап жасаганга кызыгам. Анан өзүм жасаганда жан дүйнөмө жагат. Биринчиден, мен ушул жерде жашап калганым үчүн экинчиден кол өнөрчүлүк окуу жайын окуугандыгым үчүн, анан кыздардын келечекте жашоосуна пайдасы тийишин каалайм. Кыздар азыркы учурда тигүүнү, шуру жасаганды үйрөнүшөт. Кээ бир окуучулардын өздөрүнө жаккан нерселерин жасашат сайма сайышат, токушат”.
Кол өнөрчүлүк ийрими жуманын эки күнү өтүлөт. Ага 30га жакын окуучу катышат:
“Азырынча балдар кызыгып жатышат, мындан да көбүрөөк кызыктырып, көбүрөөк тартыш керек. Мен бош убактымда тигүүчүлүк менен крой тигем, гүл өстүрөм. Жакын арада эле балдар күнүндө Токтогулга барып келдик. Кол өнөрчүлүк менен алектенип жүрүп көп ийгиликтерди багындыра алдым. Күзүндө октябрь айында Жалал-Абадка “Менин жандай көргөн кесибим” аттуу сынакка барып катышып келдим”, — деп билдирет Гүлнара.
Сумайа Айтиева, Нурпери Шабыралиева