Кыргызстанда социалдык коргоо системасында 1000ге жакын социалдык кызматкер эмгектенет. Алардын бири Назира Чыкын кызы Ак-Кыя айылында он төрт жылдан бери социалдык кызматкер болуп иштеп келет. Анын айтымында ар бир айылда бирден үйүнөн тейлөөчү социалдык кызматкер 8-10 киши менен иш алып барат.
Атасыз өсүп жаткан жээндер көбөйүүдө…
“Негизинен баспаган, турбаган, каралашаары жок кары — картаң же майып адамдарды карайбыз. Алардын үйүн тазалап, жыйноо, тамак -ашын даярдап берүү же дүкөндөн керектүүлөрүн алып келип берүү, ден-соолугуна кам көрүү (кан басымын, дене табын өлчөө ж.б.), муктаждыгына жараша жардамдарды көрсөтүү жана ар кандай документ иштерин бүткөрүүгө жардам берүү биздин милдетибиз.
Ай сайын түзүлгөн графикке ылайык жумасына 1-2 жолу барып кызмат көрсөтөбүз.
Социалдык кызматкер болуп иштөө абдан оор, түйшүктүү жумуш. Калктын көбү социалдык коргоо дегенди гуманитардык жардам деп түшүнөт. Ошол себептүү колунда бары, жогу деле гуманитардык жардам сурай беришет. Кээде үй-бүлөлүк чыр чатакка да бизди чакырышат.
Акыркы учурда мени өзгөчө түйшүккө салган жана ойлондурган нерсе — ички жана тышкы миграциянын көбөйгөнү, ошол эле учурда жаш балдардын ата-энесинен кароосуз, мээримисиз өсүп жатканы. Көпчүлүгү атасыз өсүп жаткан жээндер…”
Жаштар жеңил жашоого ыкташууда
“Азыр айыл жеринде да бекер эч нерсе жок. Жайкысын чөп жыйнап, сугат сугаруу, уй кесүү, кайтаруу деген жумуштарга, курулушка акчасына киши чыкпайт. Кичи тигүү цехтери кудайга шүгүр ачылып жатат. Ошого карабастан балдарын таштап шаарга кеткен жаштар көп. 14 жылдык иш тажрыйбамда менин байкаганым жаштар жеңил жашоого ыктап баратат, ошол эле учурда жалкоолук күч алууда. Ичкилик бир жагынан коштоп алган. Үйүндө балдары наны жок отурса, атасы көчөдө арак ичкени да бар.
Бекер нерсеге тап койгулары келет. Албетте, баары эле дебейм арасында аракетчил, мээнеткечтери да бар, бирок аз санда”.
Үй-бүлө жана балдарды коргоодо түйшүк көп
“Үйүнө кыдырып барган учурда кээ бирлери туура түшүнүп, туура кабыл алса, кээ бирлери “кечке эле келе бересиңби” деп жаман көрүшөт. Биздин категорияга туура келбеген адамдар “мени деле каттооңо алып, мага деле келип турбайсыңбы” дегени да бар. Айтор, эл болгондон кийин көп кызыктар болот. Кээде колунда бар адамдар “кимге жардам берейин” деп сурап калса, өзүм алчудай болуп сүйүнүп, “баланча деген кишим бар, ошого берели” деп алдына түшүп алып чуркайм.
Жаш өспүрүмдөр менен иштөө да бизге кошулган, мектеп менен да тыгыз байланышта болуп, тартип бузган окуучулар менен чырылдашмай да биздин жумуш.
Үй-бүлө жана балдарды коргоодо да көп түйшүк кездешет. Жумушсуздуктун айынан балдарын, чоң ата, чоң энеге, тайэнеге, кээ бир учурларда алыс эле туугандарына таштап кетишет. Анан эле мен баланча бала багып жатам жөлөк пул бер, гуманитардык жардам бер деп кайрылгандар четтен чыгат”.
«аты улук, супарасы курук» биздин жумуш…
“Болгон түйшүк бизде болсо да, социалдык кызматкер — деген кызмат мамлекеттик да, муниципалдык да, кенже да кызматка кирбейт. Эмгек өргүүсүнө чыксак да эч кандай материалдык же медициналык жардам деген акча кошулбайт. Командировкалык чыгым деген жок. Жайдын ысыгы, кыштын суугуна карабай көчөдө жүрөбүз, иттерге таланабыз”.
Барчын Мамытбекова