Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде социалдык реабилитацияга муктаж өспүрүмдөр үчүн атайын окуу пландары жана программалары боюнча адистештирилген реабилитациялык “Ашпозчу” кесиби окутулат.
Адистештирилген реабилитациялык «ашпозчу» кесибинин окуучулары Корея мамлекетинен келген Муун Ен Ми менен өндүруштүк окутуу учурунда
Кесиптик лицейде реабилитациялык “ашпозчу” кесиби боюнча 12 окуучу окушат. Бул адистикте окугандардын дээрлик көпчүлүгү “АКНИЕТ” турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборунан, “Бишкек шаарынын SOS Балдар Айылы” коомдук фондунан жана “Балдарды коргоо борбору” коомдук уюму аркылуу келип окуган окуучулар түзөт. Окуу мөөнөтү 10 ай, бул аралыкта окуучулар бул адистикти өздөштүрүп кетишет.
2023-2024 окуу жылында кесиптик лицейдин адистештирилген реабилитациялык “Ашпозчу” кесибинде окуган окуучулардын мугалим-устаты Айнура Ырыскелдиева өндүрүштүк окутууда Кореядан келген ыктыярчы Муун Ен Ми менен тажрыйба алмашууда. Окуучулар өндүрүштүк окутууда Корей ашканасынын тамактарын жасоону үйрөнүшүүдө.
Турсун Омуралиева