Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Кайырбек Кубатбеков глицерол минералдык жер семирткичин 6 жылдан бери колдонуп келген. Быйыл үшүктөн элдин көпчүлүгүнүн алма, өрүк жана башка бактары үшүп кеткендиктен аларды сактап калуу үчүн элдерге бул кеңешти айтат.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Кайырбек Кубатбеков глицерол жер семирткичин 6 жылдан бери колдонуп жүрөт. «Бул даарыга көп ишене берчү эмесмин. Анан колдонуп көрүп, ушул 6 жылдын ичинде аябай ынандым. Көп кишилерге да сунуштап атам. Кээ бир дыйкандар алып, колдонуп жатышат. Бул бардык өсүмдүктөргө себиле берет. Мисалы: арпа, буудай, беде, бакчанын ичиндеги алма бактарга чейин аябай натыйжасын берүүдө. Быйыл биздин айылдагы алма бактын 100% га жакыны үшүп кетти десем жаңылышпайм. Анан жалгыз ушул менин алма багым калды. Себеби, ушул даарынын таасири. Бул үшүккө да байымдуу болот. Мындан тышкары кургакчылыкка дагы пайдалуу. Буюрса бардыгы жакшы чыгып жатат. Алма бактар мөмө байлап атат. Ал эми бул даары Бишкектен алынып келинет. Баасы 1 литри 600 сом. Быйыл бул даарыны көпчүлүгү колдонуп баштады», деген маалыматы менен Кайырбек Кубатбеков бөлүштү.
Дыйкандын сунушу боюнча жер семирткичтин колдонулушу төмөнкүдөй:
Алма бактарга азот менен борду аралаштырып, каллий, цинк кошулат. Арпа, буудайга азот менен борду аралаштырып беребиз 2 жолу себилет. Бедеге дагы дал ушундай ыкма колдонулат. Картошкага болсо 4 жолу себилет. Ал эми жер-жемишке бүчүр байлагандан баштап берүү керек.
Кусейин Марат уулу, Акылай Карыпбекова