«Жашыл Мурас» долбоорунун алкагында Кочкор токой чарбасы тарабынан 2024- жылдын апрель айында жалпы 4000 даана өрүк жана 1000 даана тал көчөттөрү отургузулду.
Кочкор райондук ӨКМдин кызматкерлери, токой пайдалануучулар жана мектеп окуучулары
Кочкор токой чарбасы жана Кочкор райондук ӨКМдин кызматкерлери, Орток айылынын Абдыразак Жалпатеков атындагы орто мектебинин 8-9-класстын окуучулары менен биргеликте Кызарт токойчулугунун «Орток» участкасына 3 гектар жер аянтына 3000 даана өрүктүн көчөтү отургузулду.
«Орток» участкасы
«Дөң-Таш» участкасы
Ал эми Кочкор токойчулугунун «Дөң-Таш» участкасына 2 гектар жер аянтына 1000 даана өрүктүн жана 1000 даана талдын көчөттөрү отургузулду.
Нурия Карымбаева