Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү мектептер айланасына жана бала бакчага жаңы көчөттөр отургузулду.
«Жашыл Мурас» долбоорунун алкагында Кочкор токой чарбасы тарабынан 2024- жылдын апрель айында жалпы 4000 даана өрүк жана 1000 даана тал көчөттөрү отургузулду.
Кочкор айылынын төрт мезгилиндеги шамалы, акыркы жылдары кышы бою айыл тургундарын тынчсыздандырган абадагы ыш. Бул Кочкор жергесинде бак-дарактардын жетишсиздигин же чет өлкөдөн келип жаткан кымбат көчөттөрүнүн сапатсыздыгынан чыккан көйгөйдү кандай …
Кочкор айылынын төрт мезгилиндеги шамалы, акыркы жылдары кышы бою айыл тургундарын тынчсыздандырган абадагы ыш. Бул Кочкор жергесинде бак-дарактардын жетишсиздигин же чет өлкөдөн келип жаткан кымбат көчөттөрүнүн сапатсыздыгынан чыккан көйгөйдү кандай …
«Жашыл мурас» акциясынын алкагында жаштар тарабынан 2 гектар аянтка 1700 даана жаңгак көчөтү тигилди.
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагындагы “Восточный” айылындагы мектепке ден соолук күнү боюнча иш-чара өткөрүлдү. Бүгүнкү иш-чаранын алкагында мектепте ден соолук акциясы уюштурулуп айлана- чөйрөнү тазалап, жаш көчөттөр отургузулду. Андан …
Улуттук «Жашыл мурас» өнөктүгүн колдоо максатында айыл жаштары демөөрчүлүк кылып мектепке 200 түп алма, алмурут, өрүктүн көчөттөрүн отургузушту.
15-апрелде Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүндө 1 гектарга жакын муниципалдык жер аянтына 2320 түп карагаттын көчөттөрү отургузулуп, ага Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев катышты.
Ак-Талаа районунда айыл чарба кластерин колго алуу, маданий өсүмдүктөрдү көбөйтүү максатында Жети-Өгүз районунан 8100 түп карагаттын көчөттөрү алынып келинди. Ар бир көчөттүн баасы 100 сомдү түздү.
“Жаңгак туннели” аталган 1-май айылындагы жаңгак катарга жаңы көчөттөр тигилүүдө, ар бир жаңгактын жашы 50-80 жылга чукулдап калгандыктан сынып, куурап калган. Аларды жаңылоо максатында иш- чара уюштурулууда.
Кочкор районунун Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде, мектептин айланасын жашылдандыруу максатында «Бир адамдан бир көчөт» акциясы старт алды. Иш-чарага жергиликтүү бийлик башчылары, айылдык кеңештин депутаттары, мектеп жамааты жана окуучулар катышты.
Жаздын келиши менен багбандар көчөттөрдү отургузуп башташат. Бактын өсүп-өнүгүшү, түшүмдүүлүгү көчөттү туура тигүүгө байланыштуу. Андыктан аларды тандоо, пландоо, киреше булагына айландыруу туурасында айыл чарбасы боюнча адис Манас Саматов айтып берет.
Калысбек Урматбек уулу кесиби боюнча электромеханик. Ал бул тармакта мамлекеттик кызматка баруусуна айлыктын аздыгы тоскоол болгон. Учурда өзү сүйгөн бал челек кармоо жана күнөсканада көчөттөрдү өстүрүп сатуу менен алектенет.
Бүгүн Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейге, “Кемп Ала-Тоо” коомдук фондунун өкүлдөрү келишти. Жолугушууда, кесиптик окуу жайдын базасында, окуучулар үчүн питомник уюштуруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. “Кемп Ала-Тоо” коомдук …