Кочкор айылынын төрт мезгилиндеги шамалы, акыркы жылдары кышы бою айыл тургундарын тынчсыздандырган абадагы ыш. Бул Кочкор жергесинде бак-дарактардын жетишсиздигин же чет өлкөдөн келип жаткан кымбат көчөттөрүнүн сапатсыздыгынан чыккан көйгөйдү кандай жол менен чечсе болот?
Кочкор райондук токой чарбасынын жетекчиси Тойчубек уулу Бекболот
Бул суроо менен Кочкор райондук токой чарбасынын жетекчиси Тойчубек уулу Бекболотко кайрылып кийинки маалымат алдык:
«2022- жылы Токой кызматынан атайын токой тигүүгө план бекитилген, 2 гектар жер берилип, толугу менен аны аткардык.
1 гектарына Алтай чычырканагын, 1 гектардын жарымына мажүрүм тал жана турбит талын, калганына уруктан чыккан өруктүн көчөтөрүн отургуздук. Андан сырткары 280 миңге райондун элине көчөт саттык, бул эң көп суммадагы көчөттөрдү саткан жылыбыз болду. Айыл тургундары, жеке ишкерлер, башка региондогу токой чарбалар биздин питомниктен уруктан чыккан ийне жалбырактуу көчөтөрүн, карагай, тал-терек, өрүк сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Ноябрь айында биздин токой чарбасы ар бир райондогу айыл өкмөттөрүнө кат менен кайрылабыз. Алдын ала жаз айы менен канча жана кандай көчөттөрдүн түрлөрүн алуу боюнча заявка алабыз.Көп санда заявка түшсө, транспорттук чыгымдарды төлөп, көчөттөрдү алып келебиз. Былтыр Тюп токой чарбалыгынан 50 түп Тянь-Шань карагайын алып келип 1 даанасын 800 сомдон сатканбыз. Климаттын өзгөрүүсү боюнча Кочкор жергесиндеги кышындагы түтүн жана дайыма шамал болгондун себеби региондо бак-дарактардын аз болушу, ошондуктан бак тиксек климаттын өзгөрүүсү да болот бактар айылыбызды тосуп берсе биринчиден, экинчиден жаан-чачын болушуна, кар жаашына себепкер болот. Бактын негизги максаты абаны тазалоо, биздин райондун өпкөсү десем жаңылышпайм.
Кочкор райондук токой чарбачылыгынын питомнигиндеги терек көчөттөрү
Кочкор районунун климаттык шартына жараша бак-дарактарды тигүүнү сунуштап кетет элем. Биздин климатка дал келген көл жана Нарын тараптан келген көчөттөрдү тигиш керек, ал эми түштүк, Чүйдөн келген көчөттөр көпчүлүгү өнүмдүлүк бербейт анткени биз бул боюнча эксперемент өткөрүп, байкоо жүргүздүк. Себеби түштүк региондоруна жаз эрте келип, бүчүрлөрү ачылып калат. Ошондуктан, бак тигүүнүн өзүнүн эрежелери бар жана өзүбүздүн питомникте өстүрүлгөн көчөттөрдү алып тигүү эң ынгайлуу вариант болуп эсептелет. Баасы, сапаты боюнча кепилдик бере алабыз.
Эксперимент катары тигилген Тянь-Шань карагайлары
Бизде Тянь-Шань карагайы- 400-1600 сом, көк карагай-500-3000 сом, өрүк-15-30 сом, карагат-50-100 сом,Турбит тал, кара тал-20-30 сом, мырза терек-30-40 сом, кара жыгач-30-50 сом.
Чет мамлекеттерден алынып келген көчөттөр биздин климаттык шартка көнүп кетеби, ушуну эске алыш керек. Андан тышкары баарыбыз билгендей баасы дагы жогору болот. Жакшы көчөттөр деле бар, бирок бул жакта жашап кетсе дагы, сөзсүз ооруйт».
Ал эми Бишкек шаарындагы айрым көчөт сатуучу базарларында туя арчасын 800-1000 сомго чейин, Тянь-Шань карагайы 1600-2000 сомдон сатылууда экени маалым болду.
Бишкек шаарындагы көчөт саткан базары
Жаз келери менен бардык региондордо жашылдандыруу иштери башталды. Кочкор районунун Исакеев айылынын тургундары «Жаштык» сейил паркына 38 Тянь-Шань көчөттөрүн жалпы 72200 сомго сатып алып тигишти.
Кочкор районуна караштуу Исакеев айылынын «Жаштар» сейил паркындагы жашылдандыруу иш-чара учуру
Акыркы 20 жылдан бери дүйнө жүзү боюнча климаттык жана экологиялык кырдаал өзгөрүп, бак-дарактардын азайып жатканы белгилүү. Кыргызстан да мындай көйгөйдөн четтеп турган жок. Баарыз билгендей эле бак отургузуу узак процесс. Пайдасын келечек муун көрө тургандыктан биз азыртан баштап бак тигүү менен алек болушубуз абзел.
Нурия Карымбаева