Түп районунун Каркыра өрөөнүндө «Жашыл мурас» ишембилиги өткөрүлүп, анын алкагында 5 миң даана бак-дарактын көчөтү отургузулду.

Көчөттөр Каркыра айыл аймагындагы Жылуу-Булак, Кайнар-Булак жайлоолоруна жана Каркырага караштуу Чоң-Бет аймагына тигилди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Т.Муратбеков, Түп районунун акими Т.Мадяров, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана РИИБдин жетекчилери, Каркыра айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Черикбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Каркыра айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Черикбаевдин айтымында, акциянын негизги максаты — жашыл жаратылышты келечек муундарга мурас катары калтыруу.
Анын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жарлыгынын алкагында ак терек, көк терек, кара жыгач жана ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Жылуу-Булак айылындагы Кайнар-Булак жайлоосунда мугалимдер жамааты жана жергиликтүү тургундар активдүү катышса, Сары-Тологой айылындагы Чоң-Бет аймагында жалпы жамаат тартылды.

Ошондой эле Чоң-Бет тилкесинде деградацияга учураган жер көчкүнү токтотуу максаты көздөлүүдө. Бул аймакта 2017-жылы да көчөттөр отургузулган. Быйыл тилке тосмолонуп, мындан ары көзөмөлгө алынып, тиешелүү мекемелерге өткөрүлүп берилери айтылды.
Маалыматка караганда, Чоң-Бет аймагындагы жер 2005-жылдан бери деградацияга учурап келген.
Түп районунун акими Тимур Мадяров көчөт отургузуу иштери жер көчкүнүн алдын алуу жана анын жайылышын токтотуу максатында жүргүзүлгөнүн белгиледи.
Анын айтымында, ӨКМ кызматкерлери жана токой чарбасынын адистери жеринде изилдөө жүргүзүп, көчкүгө жер алдындагы булак жана саз суулары таасир берип жатканын аныкташкан. Бул багытта алдыда тиешелүү иштер улантылат.
Белгилей кетсек, «Жашыл мурас» демилгесинин алкагындагы ишембиликке жергиликтүү тургундардын активдүү катышуусу өзгөчө дем берип, аймакты жашылдандырууга чоң салым кошту.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров,Мадина Үсөнова