Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 11-майдан тарта өлкө аймагында облус жетекчилеринин жер-жерлерде калк менен түз жолугушуулары башталат. Бул алкакта Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев облустагы бардык айыл өкмөттөрүн кыдырып, жарандардын көйгөйлөрүн жеринде угат.

Бул сапарлардын башкы максаты — бюрократияны азайтып, элдин турмуштук маселелерин борборго жеткирбей, облустук деңгээлде ыкчам чечүү. Тилек Текебаев менен бирге жолугушууларга прокуратура, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын жетекчилери да катышат. Бул формат ар бир жаранга өз суроосун тиешелүү жетекчиге түз берип, жооп алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Май-июнь айларына пландалган бул жолугушуулар облустук телеканалдардын эфиринде жана социалдык тармактарда түз көрсөтүлүп турат.

Белгилей кетүүчү жагдай, Президент Садыр Жапаров бул түз эфирлерди өзү да көзөмөлдөп, жетекчилердин эл менен иштешүүсүнө баа берерин билдирген. Президенттин эскертүүсү боюнча, жазында көтөрүлгөн маселелер октябрь-ноябрь айларындагы кайрадан өтө турган жолугушууларга чейин чечилиши шарт. Эгерде айтылган көйгөйлөр куру сөз бойдон калып, аткарылбаса, облус жетекчиси баш болгон тиешелүү кызматкерлер катаал жоопкерчиликке тартылат.
«Биздин ишенимди актабай, элдин өнүктүрүүгө далалат кылбаган жетекчилерге чара көрүлөт,» — деген мамлекет башчысынын талабы Жалал-Абад облусунда да катуу көзөмөлгө алынмакчы. Тилек Текебаевдин бул сапары аймактардагы инфраструктура, сугат суу, жер талаш жана башка социалдык маселелерди адилеттүү чечүүгө багытталат.
Даярдаган: Азема Сабырбекова