Токтогул районуна караштуу, Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургундары ички арыктарды жана каналдарды тазалоо боюнча ишембиликке чыгышты. Бул демилге сугат маалында суунун кечигүүсүз келишин камсыздоо максатында ишке ашырылды.

Чоң-Арык айылынын жашоочулары кол куушуруп отурбастан, ички сугат тармактарын иретке келтирүүнү колго алышты. Ишембиликтин алкагында айыл ичиндеги бир нече чакырымга созулган арыктар таш-таштан, чөп-чардан жана тиричилик калдыктарынан тазаланды. Кээ бир жерлерде каналдардын нугу казылып, кеңейтилди. Бул иштерге айылдын аксакалдарынан баштап жаштарына чейин активдүү катышып, өздөрүнүн техникаларын жана кол шаймандарын пайдаланышты.

«Эгер арыктар таза болбосо, суу талаага жетпей жолдо ысырап болот. Ошондуктан, «өз арабаңды өзүң тарт» дегендей, айылдаштар менен биригип тазалап жатабыз. Бул биздин келечектеги түшүмүбүзгө кам көргөнүбүз», — дейт жергиликтүү тургун Жеңиш Токторбаев.

Мындай ынтымактуу иш-аракеттер айылдын инфраструктурасын жакшыртууга гана эмес, элдин биримдигин бекемдөөгө да чоң салым кошот. Чоң-арыктыктардын бул демилгеси башка айылдарга да үлгү болоорлук. Тазаланган арыктар эми сугат мезгилинде дыйкандардын ишин жеңилдетип, ар бир бакчага суунун кенен жетишине шарт түзөт.
Даярдаган: Азема Сабырбекова