Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу, Кырк-Казык айылында бир жылдан бери чечилбей келген сугат суу көйгөйү чекит коюлду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кубаныч менен билдиришүүдө. Эске салсак, мындан бир жыл мурун аталган аймакта жер көчкү жүрүп, натыйжада айылды суу менен камсыз кылган негизги арыктын бир бөлүгү жабылып калган.

Бул жагдай дыйканчылык менен алектенген эл үчүн чоң түйшүк жаратып, сугат суунун келиши үзгүлтүккө учураган эле. Көйгөйдү жеринен көрүп, элдин суранычын эске алуу менен Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан тийиштүү каражат бөлүнүп, зарыл болгон гофрленген түтүктөр (трубалар) берилди.

Учурда арыктын көчкү жүргөн кооптуу тилкелерине түтүктөр орнотулуп, суу нугуна түштү.
«Бул арыктын бузулганына бир жыл болуп, суусуз кыйналып жаттык эле. Айыл өкмөтү тарабынан берилген түтүктөрдүн жардамы менен арыкты калыбына келтирдик. Эми быйылкы түшүмгө суу жетпейт деген кооптонуу жок», — дейт айыл тургуну Бактыбек Көкталов.

Айыл өкмөтүнүн мындай ыкчам аракети элдин жашоо шартын жакшыртууга жана айыл чарба иштерин өз убагында баштоого чоң өбөлгө болду.

«Эл мүдөөсү — башкы орунда» деген принциптин негизинде аткарылган бул иш Кырк-Казык айылынын өнүгүшүнө дагы бир кадам болмокчу.
Даярдаган: Азема Сабырбекова