Улуттук «Жашыл мурас» өнөктүгүн колдоо максатында айыл жаштары демөөрчүлүк кылып мектепке 200 түп алма, алмурут, өрүктүн көчөттөрүн отургузушту.
Иш-чарага Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Курбанбек Камчыев, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек Мамырбаев, мектеп директору жана мугалимдер жамааты катышты. Демөөрчүлүк кылган жаштар Кара-Суу айылынын 1985- жылкы туулган тургундары.
Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин директору Болот Бообек уулу демөөрчүлүк кылган жаштарга ыраазычылыгын мындайча билдирди:
«16-апрелде мектепте жакшы иш-чара болуп жатат. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын алкагында, Улуттук «Жашыл мурас» өнөктүгүнө ылайык айыл жаштары дөмөөрчүлүк кылышып, мектептин айланасын көрктөндүрүү максатында 200 түп алма,өрүк жана алмурут отургузуп берип жатышат. Өзгөчө баса белгилеп кетчү нерсе, алар балдары менен келишип, алар да көчөт отургузууга катышып жатышат. Мунун да чоң тарбиялык мааниси бар. Себеби балдардын эсинде сакталып калат. Учурдан пайдаланып демөөрчүлөргө өзүмдүн жана мектеп жамаатынын атынан ыраазычылыгымды билдирип кетем. Бул акция мындан ары дагы уланмакчы».
Ал эми демөөрчүлүк кылган жаштардын өкүлү, Айылдын Кеңештин депутаты Сейит Исаев буларга токтолду:
«Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, «Жашыл мурас» кампаниясын колдоо максатында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек питомнигинен 200 түп көчөт алып келдик. Алардын ичинде алманын 5, өрүктүн 3 жана алмуруттун жаңы сорттору бар. Бул көчөттөр биздин климатка ылайыкташкан . Биздин бул иш-чара муну менен токтоп калбайт, келечекте мектепке дагы демөөрчүлүк кылып мектептин этнопаркына арча, карагай тигели деген деген оюбуз бар. Эстафетаны бизден кийинки жаштарга өткөрүп беребиз».
Азима Шакирова, Айжаркын Эркинбек кызы