15-март күнү Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында «Жашыл патруль» комитети түзүлүп, аларга керектүү жабдыктар тапшырылды.
Иш-чара тууралуу маалыматты уюштуруучулардын бири Бегайым Мурзалиева билдирди. Маалыматка ылайык экоактивисттер тарабынан, Көөнөрбөс Мурас коомдук уюму, Ат-Башы токой чарбасы Ача-Кайыңды айыл өкмөтү менен биргеликте иш-чара өткөрүлүп, анда «Жашыл патруль» комитети такталып, долбоордун алкагында мүчөлөрүнө жабдуулар тапшырылды.
Андан тышкары, Ат-Башы токой чарбачылыгы тарабынан «Коомдук жаратылыш коргоочулар» деген күбөлүк берилди. Коомдук жаратылыш коргоочулардын милдети болуп, токойду ар кандай жарандар тарабынан мыйзам бузууларды байкап туруу, токойду браконьерлерден коргоо болуп эсептелет. Эгерде мындай нерселер байкалса Токой чарбасына же участковыйга билдирип турушу керек.
«Биз комитеттин мүчөлөрүн биздин жаратылышка кайдыгер карабаган тургундардын арасынан, сарайда жашап, токойго жакын тургандардан тандап алдык. 3 тургунду комитеттин мүчөлөрү кылып шайлап, токой чарбасына, айыл өкмөткө долбоордун алкагында рация, бинокль, костюмдарды тапшырдык. Бул долбоордун максаты жергиликтүү элдин жаратылышка болгон жоопкерчилигин арттыруу болуп эсептелет»,- деп Бегайым Мурзалиева билдирди.
Асел Үркүнбаева