Бишкек-Ош эл аралык маанидеги унаа жолунда жааган жамгырдан улам пайда болгон таш жана кум көчкүлөрдү тазалоо иштери ыкчам жүрүп, учурда унаалардын өтүшү үчүн бир тараптуу каттам ачылды. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган башкы стратегиялык кан тамыр – Бишкек-Ош унаа жолунда жаратылыш кырсыгы катталды. Өлкө аймагында туруксуз тууган жамгырлуу аба ырайына байланыштуу, жолдун тоолуу тилкесинде кооптуу кырдаал жаралган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин расмий маалыматына таянсак, нөшөрлөгөн жаандан улам Бишкек-Ош кан жолунун 427+000 жана 436+000-чакырымдар аралыгында тоо боорунан кум-шагыл аралашкан таштар кулаган. Жалпысынан аталган тилкедеги 11 ар башка жерден жолго таш түшүп, унаа кыймылына олуттуу кедергисин тийгизген. Кырсык катталган соң, коопсуздукту камсыздоо максатында жол эки тараптуу убактылуу жабылган болчу.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн дароо министрликке караштуу №38 Жол тейлөө ишканасынын (ЖТИ) жумушчу күчү жана атайын техникалары мобилизацияланды. Жолдун жүрүүчү бөлүгүн таштардан тазалоо жана айдоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеринде төмөнкүдөй техникалар тынымсыз иш алып барууда:3 даана автожүктөгүч, 3 даана «HOWO» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 1 даана грейдер, 1 даана манипулятор. Жолчулардын ыкчам жана жан аябаган эмгегинин натыйжасында жолдун бир тарабы толук тазаланып, унаалардын өтүүсүнө уруксат берилди.

Учурда кырдаал Транспорт министрлиги тарабынан толук көзөмөлгө алынып, жолду эки тараптуу тең кеңейтип, толук тазалоо жумуштары кызуу улантылууда. Адистер тоолуу аймактарда жана ашууларда аба ырайы дагы деле туруксуз болуп жаткандыктан, айдоочуларды жолдо өтө этият болууга, ылдамдык режимин сактоого жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырат.
Даярдаган: Азема Сабырбекова