Жаздын келиши менен багбандар көчөттөрдү отургузуп башташат. Бактын өсүп-өнүгүшү, түшүмдүүлүгү көчөттү туура тигүүгө байланыштуу. Андыктан аларды тандоо, пландоо, киреше булагына айландыруу туурасында айыл чарбасы боюнча адис Манас Саматов айтып берет.
Үй-бүлөдөгү багбанчылык жашоо маданияты, сиз жашаган чөйрө деген Манас Саматов. Короомдо баардыгы болсо деп эле башаламан тиге берүү туура эмес деп эсептейт. Андыктан жарандарды ирети менен атайын бир дизайндын негизинде көрктүү отургузууга чакырат:
“Адам жашаган короого мөмөлүү бак тигүү керек деген илгертен келе жаткан жазылбаган мыйзам бар. Мөмөлүү дарак балалуу үй дегенге тектеш түшүнүк. Андыктан жарандарды короого мөмө берчү бактарды отургузганга чакырам.”
Көчөттөр үчкө бөлүнөт:
Бийик бойлуу — Көчөттөрдүн бул түрүнөн азыр дүйнө жүзү баш тартып башташты. Себеби көп жерди ээлейт, бир жылы мөмө берип экинчи жылы бербейт, түшүмүн жыйноо кыйынчылык туудурат. Киреше булагы катары кароого дээрлик болбойт.
Орто бойлуу — Экинчи жалдан баштап мөмө берип баштайт. Кыргызстан шартына орто бойлу бак туура келет. Терүүгө, багууга, бутоого ыңгайлуу. 1гактар жерге 4+3 схемасы менен отургузсаңыз дээрлик 800 көчөт кетет. Түшүмдү мол берип дыйкандардын негизги киреше булагы боло алат.
Жапыз бойлуу — Бир жылдан кийин мөмө берип башташат. Европада көп таркаган. Биздин шартка туура келбейт. Себеби, аны отургузууда өтө көп өлчөмдөгү алгачкы капитал талап кылынат. Көчөттүн баасы дагы кымбат турат. Тамыры дагы кичине болгондуктан мөмө байлагандан кийин өзүн-өзү кармап тура албайт. Кошумча тирөөч орнотуу керек.
“Көчөттөрдү базарга алып чыгып сатуу агротехниканын алгачкы эрежесин бузуу болуп саналат. Анткени көчөт шамалдап калат. Биз бул нерсени жокко чыгарышыбыз керек. Албетте, биз тыюу сала албайбыз көчөгө алып чыгып сатпа деп. Бирок эл билиш керек. Ал көчөттөр тирүү болгондуктан өсүп көктөшү мүмкүн. Бирок мөмө бербейт. Андыктан белгисиз колдон көчөт албаңыздар.”
“Көчөт жаңы төрөлгөн баладай алгачкы жылдары ага кошумча кык, азык берүү кереги жок. Аны таза кармоо зарыл. Өзүнүн күчү өзүнө жетет. Ар бир салган кык же биогумус көчөттүн ар кандай ооруларга чалдыгуусун шарттайт. Ал эми тамырына таза кара топурак салган башка кеп. Жаңы отургузулган көчөттүн тамырында боштук, аба калбашы керек. Себеби, боштук калып калса ошол жерден чирип баштайт. Эң негизгиси жалпыга белгилүү жерди жумшартуу, көчөт отургузуучу жер тегиз болушун камсыздоо анын өсүп кетүүсүнүн негизги элементтери.”
Жазгы себүүгө топуракты кантип даярдоо керек?
Ишкерлерден кеңеш: Иш баштайм деген адам изденсе, мүмкүнчүлүк көп…
Айылда кандай бизнес ачса болот?
Айгерим Кубатбекова