Стив Жобс, Билл Гейтс сыяктуу жашоону экранга туткундаган көптөгөн ойлоп табуучу, жаратмандардын өз балдарына компьютердик оюндардын ойноосуна тыюу салганын билет белеңиз? Учурда көпчүлүк ата-энелер балдарынын экрандын туткуну болуп жатканы түйшөлтөт.
Бала тарбиясында, мыкты ата-эне болуу жаатында кандай гана кеңештер айылбасын ар бир бала өзгөчө экенин эстен чыгарбоо зарыл. Ар бир баланын өзүнө мүнөзүнө, жүрүм-турумуна жараша жеке мамиле кылуу туура.
-мындай балдар мектепте начар окушат
-ашыкча салмактуулуктан жабыр тартышат
-социалдашуусу төмөн деңгээлде болот
-ден -соолугуна терст таасирин тийгизет (көз көрүүсү начарлайт, стресс абалында болот)
Бул тизмени чубай берүүнүн кажети жок, анткени кырдаал айдан ачык. Эми көйгөйдү чечүү жолун карап көрөлү.
Баардык изилдөөлөрдө балдарга экранды таптакыр тыюу салуу маселени чечпейт деп айтылат. Мындай кескин тыюу салуу менен сиз тескерисинче балаңыздын кызыгуусун арттырып, экранга көбүрөөк байлануусун шарттайсыз. Ар дайым аны урушуп колундагы телефонун жулуп алып же андан чектөө менен сиз баланын душманына айланышыңыз мүмкүн.
Учурда экрандар балдардын теңтуштары менен орток тажрыйба топтогон тармагына айланды. Мурда балдар көчөгө чыгып ойноп маектешкендей эле учурда оюндар аркылуу достошуп жатышат. Демек сиз балаңызды экрандан таптакыр алыстатуу менен аны досторунан да алыстаткан болосуз. Андыктан, эң туура чечим экранды таптакыр таптакыр эле жокко чыгаруу эмес, экрандын астындагы убакытты туура пландоо болуп саналат.
Экран азгырыгы чөйрөдөн башталат. Аны жеке адамдын жүрүм-турумуна байланыштырууга болбойт. Ал адамды куурчап турган чөйрө, кырдаал, аурага байланыштуу. Жагдай ошондой болуп турса баары азгырылыкка жеңилиши мүмкүн. Андыктан кырдаалды өзгөртпөй туруп азгырыктан кутулуу мүмкүн эмес.
0-18 айлык бөбөктөрдү дээрлик экрандан алыс кармоо зарыл. Бул курактагы балдар үчүн зыяндуу, анткени экран ыкчамдык менен өнүгүп жаткан мээ үчун пайдасыз нерсе. Мээ өтө тездик менен өнүгүп жаткан бул этаптарда балага зарыл болгон бир гана нерсе ата-эне менен активдүү баарлашуу. Китептер, алдей ырлары, ыр, жомок аркылуу балдар менен сүйлөшүп туруу керек болгон курак.
18-24 айлык бөбөктөрдү экран менен тааныштырса болот. Тааныштыруу шарт эмес, бирок ал кыска мөөнөттүү болуш керек. Көңүл бурчу жагдай көрсөтүп жаткан нерсенин сапаты жана мазмуну. Балдардын алгачкы жолу экран менен таанышуусу канчалык кеч болсо ошончолук жакшы.
2-5 жаштагы балдар күнүгө эң көп дегенде 1саат экран астында отурса болот. Бул жерде дагы маани бере турган талап- сапаттуу мазмун. Ата-эне өзү көрбөгөн эч бир көрсөтүүнү балага сунуштабашы керек.
6 жаштан жогоркулар жана өспүрүмдөр үчүн атайын белгиленген убакыт ордуна принциптер сунушталат. Сизге деле маалым болгондой бул жашта экранды көзөмөлдөө күчү сизде эмес, балага өтүп калат. Бул убакта балаңыз менен кеңешип кайсы саатттарда, канча убакыт экран алдына отуруу боюнча келишим түзүп алса болот. Балаңыз менен сүйлөшүп, анын дагы пикирин эске алуу менен келишимди кагазга жазып илип коюңуз.
Мажбурлоо менен маселе чечилбесин жогоруда айтып өттүк. Балдарда экрандан сырткары кызыктуу жашоо бар болсо, убактысын башка пайдалуу нерсе менен өткөргөн болсо, жаңы нерселерди үйрөнүү, кызыктуу китеп окуу менен алектенген болсо ансыз деле экранга убактысы калбайт. Андыктан балдарыңыздын күнүн туура пландаганга жардамдашып жол көрсөтүңүз.
Жогоруда саналып өткөн бардык эрежелер кагаз жүзүндө жакшынакай көрүнүшү мүмкүн. Ишке ашырууда кыйынчылыкка дуушар болооруңуз бышык. Аларды жеңип чыгуу үчүн эң алгач бул эрежелерди балаңыз менен талкуулашыңыз керек. Ошондой эле, жогорудагыдай эрежелерди койгондон кийин ата-эне келишимге бек турушу, ырааттуулук менен эрежелерди улантышы керек.
Бир апта аткарылып кийинки аптада аткарылбаган ыраттуу түрдө ишке ашпаган эрежелерди эреже деп атоого болбойт. Дагы бир жагдай, колунан телефон түшпөгөн ата-энелер бул эрежелерди аткаруусу өтө кыйын. Андыктан, адистер айрыкча экранга байланып калган үй-бүлөлөргө технология орозосун кармоону сунушташат.
Булак: Материалдар Профессор Селчук Шириндин «Жетилгиле, балдар!» китебинен алынды. Китепти кыргызчага «Китепстан» басмаканасы которгон.
Адистен кеңеш: Балдардын телефон оюндарына азгырылуусун кантип азайтса болот?
Балаңызга акча топтогонду үйрөтүңүз
Айгерим Кубатбекова