Быйыл Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө алма түшүмү аз болду. Дыйкандар 1 кило алмаларын 20-30 сомдон сатышты.
Кызыл-Булак айылынын тургуну Имарбек Жалалов 10 жылдан бери короосундагы алмаларыны сатат. Алмадан тышкары жер айдап, жүгөрү эгип, мал чарбачылык менен алектенип келет. Анын алма багында 3 түрдү алма сорту бар. Ал 2-3 жылдан бери алманын баасы көтөрүлбөгөнүн айтат: “Менин багымда 3-4 түрдүү алмалар бар. Бактын негизги бөлүгү көк алма. Алмалар мол түшүм алыш үчүн жаздын алды менен караш керек астына көң салыш керек, дары салыш керек, бутоону жакшы жасоо керек ошондо жакшы түшүм берет. Алмалардын аралыгы 6 метрден. Алманын баасы быйылкы жылы 20-25 сомго чейин болду. 3-4 жылдан бери бир баада турат алманын баасы көтөрүлбөй жатат».
Ал эми аталган айылдын дагы бир тургуну, дыйкан Эрмекбай Камбаров 8 жылдан бери алмаларын сатып келет. Быйылкы жылдын түшүмү былтыркы жылга караганда аз болгонун айтат. Анын алма багында алмалардын смаренка, крипсон, жанатан алма, золотой грим аттуу сорттору бар. Алмалардын мол түшүм алуу үчүн минералдык жер семирткичтерди өз убагында сугаруунун натыйжасында жакшы түшүм болоорун белгилейт. Бактагы алмалардын аралыгы 7 метр.
Айылдыктар алмаларын жергиликтүү алма алуучуларга өткөрүшөт. Айрымдары терилген алмаларды сатып алышса, кээ бири өздөрү терип кетишет. Кулатов айылынын тургуну Алтынбек Зулпуев 5-6 жылдан бери алмаларды алып сатуу иши менен алектенип келет
“Бул жылдын түшүмү былтыркыга караганда бир аз азыраак болду. Алманын баасы 20-30 сомго чейин жетти. Алманы алып туруп базарга, Бишкекке, Ошко, Алматыга, Казакстанга алып барабыз. Алмалар муздаткычта сакталат”.
Исхак Маматазимов, Кайратбек Мамасалиев, Эрлан Абдиллаев