“Балдарды Коргоо Борбору” коомдук бирикмеси БУУ Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууда. Долбоордун максаты — мектептеги өспүрүм кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын мектептен кийинки билимин улантууга жана келечекте татыктуу жумушка ээ болууга болгон умтулуусун күчөтүү.
Катышуучулар суу фильтрин жасоо жана сууну тазартуу боюнча эксперимент жасап жатышат
Долбоор Кыргызстандын 7 аймагында ишке ашырылат : Кызыл-Кыя, Ноокат, Сузак, Аламүдүн, Ысык-Ата, Кочкор жана Ат-Башы райондорунда. Долбоордун иш планына жараша, 10 000 бала (8 миң кыз, 2 миң эркек бала) STEM багытында тренингдерге катышат. Тренингден алган билимдер балдарга STEM багытында (технология, так илимдер, инженерия, математика) туура кесип тандоого жардам берет. Азыркы тапта Ош облусунун Кызыл-Кыя, Ноокат, Жалалабад облусунун Сузак айлдарынан өспүрүм кыздары үчүн окутуу баштады.
Өспүрүм кыздар окутуу учурунда практика түрүндө кызыктуу химиялык жана физикалык экспериментер, так илимий изилдөөлөр боюнча билим алышат. Окуудан кийин кыздар башка теңтуштарына насаатчы катары алардын STEM үйрөнүүгө колдоо көрсөтүшөт.
Ноокат районунун Кара-таш айылынын К. Жунусов атындагы мектеп окуучусу Эргешбаева Сажида STEM боюнча ой бөлүштү: “Мектепте сабакта кеңири сүйлөй албайсын, биз көбүнчө угуп отурабыз. Бул жакта оюңду эркин сүйлөп, талкуулоо жүргүзөбүз. Ошондо түшүнүктүү болот экен. Практика түрүндө көп жана кызыктуу эксперименттер мени абдан шыктандырып жатат”.
Катышуучу Эргешбаева Сажида
“Бугунку сабакта биз суу фильтрьди өз колубуз менен жасадык. Менин оюмча бул айыл жумуштарына үчүн өтө пайдалуу. Мен окуудан кийин алган билимимди өзүмдүн мектебиме барып жайылтам. Чоң таенем жана апам мени колдоп жатат”, — дейт Мухлиса Хасылджанова, Ноокат айылынын Реджеп Худжамов атындагы мектеп окуучусу.
Хайхон Юлдашева, Мухлисанын таенеси дагы сабака келип, конок болуп кетти. 65 жаштагы чоң апа кыздардын билим алуусу маанилүү экенин белгилейт:
“Мен неберем менен абдан сыймыктанам. Мындай окутуулар кыздарга абдан керек. Кыздар илимдүү, билимдүү болушу керек. Үй-бүлө колдоо көрсөтүш керек”, — дейт Хайхон апа.
Жалпысынан алсак, STEM-билим берүү программасы кыздар үчүн билим алууда жана окутуу учурунда калыптанып калган стереотиптик мамилелерди азайтууга жардам берет, балдардын келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге ээ болуу умтулууга көмөк көрсөтөт .
Жумагүл Көчкөнбаева