Өлкө аймагында кызамык боюнча эпидемиологиялык абал курч болуп турат. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылында кызамык оорусу катталган жок. Дарыгерлердин берген маалыматында балдардын бары эмдөөдөн өткөн.
Т.Кулатов айыл аймагынын №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Перизат Тургунали кызы Кызыл-Булак айылында кызамык боюнча абал туруктуу экенин айтат. Буга алар эмдөө аркылуу жеткен: “Айылда кызамык оорусун алдын алуу боюнча 9 айлыктан 7 жашка чейинки 3600 баланы эмдөөдөн өткөрдүк. Балдар бул эмдөөнү 2 жолу алышат. 1 жашында жана 6 жашка толгондо. Ооруну алдына алуу жолу бир гана эмдөө. Бул кызамык оорусу оорулуу адамдан, дени соо адамга чүчкүргөндө, жөтөлгөндө жугат”.
Т. Кулатов айыл аймагына тийиштүү дагы бир айыл Арык-Тейит айылынын тургуну 5 баланын апасы Нуриза Алимова балдарынын бардыгы эмдөөдөн өткөнүн айтат: “Ооруп калгандан көрө, ооруну алдын алуу жакшы. Балдар ооруп калбасын деп дарыгерлер айткан убакытта эмдөөнү алдык. Кудайга шүгүр балдарым ооруган жок».
Кызамык жугуштуу, вирустук оору болуп саналат. Ал аба аркылуу жугат. Оорунун белгилери сасык тумоо сыяктуу башталат. Дене табы жогорулап, баш оору, жөтөл менен коштолушу мүмкүн. Денеде бүртүк-бүртүк болгон майда жаралар пайда болот. Инфекция иммунитетти начарлатып, оорулуу адамдын өлүмүнө алып келет.
Жумагүл Көчкөнбаева