Сокулук районуна караштуу Жаны-Жер айыл аймагына караштуу айылдарда “Өспүрүм түн” рейдинин жүрүшүндө коштоосуз жүргөн өспүрүмдөр аныкталды. Бул тууралуу Жаңы-Жер айыл аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери билдиришти.
Рейд 6-ноябрда башталып, 9-ноябрга чейин уланат.
Көчөдө коштоосуз жүргөн 3 өспүрүм кыз түн ичинде дүкөндөн келе жаткандыгы аныкталып ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары, жашы жете элек балдардын саат 22:00дөн кийин чоңдордун коштоосуз коомдук жайларда болушуна жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жашы жете электерге (18 жашка чейинкилерге) түн ичинде саат 18.00дөн таңкы 6.00гө чейин ата-энелеринин коштоосуз коомдук жайларда болууга тыюу салынганын эскертебиз.
Турсун Омуралиева