Жакырчылыкка жетелеген адаттар, адамды ийгиликке жетүүсүнө тоскоолдук жаратат.
Адам баласы эч нерседен кем болбой, өзүн-өзү камсыз кылып жашаганды каалайт. Акчаны канчалык жетиштүү таап жашасак да, жакырчылыктан арыла албагандар бар. Эмне себептен деп ойлойсуз? Анткени аң-сезимибизде жакырчылыкка алып келе турган адаттар орноп калган.
Жакырчылык – жеке адамдын же анын үй-бүлөсүнүн кирешеси алардын негизги керектөөсүн канааттандырбаган абал. Жакырчылыктан чыгуу үчүн ар бир адам өзү менен өзү иштөө керек.
Адамды жакырчылыкка алып келүүчү адаттар:
1. Жалкоолук- жакырчылыкка биринчи себеп бул жалкоолук, бүгүн бүтө турган ишти эртеңкиге калтыруу. Анан колуңан келбеген ишти кылган дагы бирден-бир себеп. Бизде, мисалы, мугалим менен бизнесмен экөөнүн мамлекетке көз карашта
2. Убакытты создуктуруу — «Жети өлчөп, бир кес” деген макалды эсиңизден чыгарбаңыз. Бирок сиз бардыгын ойлонуп туура чечим чыгаргыча, башкалар ал мүмкүнчүлүктү колуңуздан сууруп кетет. Биринчи кадам таштагандан коркпогон адам гана жеңишке жетишет. Ошондуктан ар бир ишти пландаганда убакытты создуктурбоо керек.
3. Көңүл ачуу, акчаны туш келди чачуу-Кирешеден ашыкча акча коротуу–акылсыздык. Дүкөн кыдырып, жашоо бир келет деп көңүл ачуу үчүн болгон акчаны себепсиз коротуп, тамак-ашка да калган жок деп отуруп калган убактар айрымдарда көп болот. Андыктан тапкан кирешени туура колдоно билгенге үйрөнүү керек. Көп акча тапкан эмес, колдо барын туура колдоно билген киши гана бай болот.
4.Өзүңө жакпаган жумуш менен алектенүү — Канчалык аракет кылып иштебеңиз, эгер бул ишке жүрөгүңүз чаппаса, бир убакта алган акчаңыз да сизге бакыт алып келбейт. Бир гана жаккан ишиңизди тандап алганда ийгиликке жетишип, чыныгы бай адам болосуз.
5. Өзгөрүүдөн коркуу — Ийгиликке жетем десең, ийгиликке чейин өзүңдү өзгөртүүдөн коркпошуң керек. Ийгиликтин ачкычы деп мен эң алгач эле билим, андан соң алга сүрөөчү мүнөз, аракет, сабырдуулук деп билем. Ал эми жакырчылык бул сырттан келген балээ эмес, биринчиден, ага өз күчүң жана акылың туура эмес иштешине сенин аракетиңдин жоктугу. Экинчиден, акча жана аны пайдалануу тууралуу туура билимдин жоктугу. Үчүнчүдөн, адам өз убактысын, колдогу бар нерсесин туура бөлүштүрө билбегендиги жана материалдык муктаждык менен гана алек болуп, руханий муктаждыгын унутта калтыруусу деп эсептейм. Бул адамдагы эң негизги көйгөй. Жакыр адам башкалардын көзүнчө жакшы көрүнүш үчүн бүт күч-аракетин жумшайт. Колунда болгон акчасын куру намыска алдырып, чачып салат. Ал эми ийгиликтүү адам антпейт, башкалардын оюна көз каранды болбой, тек гана өзү үчүн иш кылат.
Эгерде ийгиликтүү болуп, бардар жашагыңыз келсе, айтылган жаман адаттардан арылганда гана маңдай териңиз менен тапкан каражат сиз каалаган жыйынтыкты бермекчи.
6.Өзүн төмөн баалоо же өзүн аёо — эгер сиз айлана-чөйрөгө, жашооңузга нааразы боло берсеңиз, ошол эле убакта ал абалды жөнгө салууга аракет кылбасаңыз, анда сиз акча тууралуу ойлонбой эле койсоңуз болот. Көпчүлүк адамдар өзүн аяп жүрүп чөгүп кетет. Бирок өзүңдү аёодон майнап жок, иш менен алек болууга умтулуңуз.
7.Өзүнө ишенбөө-Өзүңө ишен. Адамда канчалык кыял чексиз болсо, ошончолук ийгилик болоруна ишениңиз. Өзүңө-өзүң ишенүү ийгиликке себепчи. Андан соң туура максат коюп, ийгиликке жетүү жолдорун пландап, талыкпай эмгектенүүдөн тажабаңыз. Адам баласы ийгиликке жетем десе,өмүр бою изденүү керек деп ойлойм.
8.Адамдар менен мамиле куруудан качуу — Эч бир адам ийгиликке жалгыз жеткен эмес. Артында ишенген, билимдүү командасы болуш керек. Кээ бир адамдар ойлошот адамдар менен мамиле куруу убакытты текке кетирүү деп. Андай эмес, туугандардан обочолонуу, жоро-жолдоштордон катышыңызды үзүп таштап, бай болом десеңиз, анда абдан жаңылышасыз. Мындай ыкма менен байышыңыз мүмкүн, бирок тууган-уруктан айрылып, жалгыз каласыз.
9. Китеп окуудан качуу — Китеп окуу ой жүгүртүүнү жогорулатат. Биз канчалык көбүрөк китеп окуган сайын, «эмне деген идеяны бергиси келген» деп ойлонуп, ой жүгүртүүбүз өнүгө баштайт. Жана ошондой эле китеп окуу, стресстен арылууга жардам берет. Жатаар алдында окуп жатсаңыз, психика калыбына келип, тынчтанып каласыз.
Ар түрдүү жанрдагы китептерди окуп, сөз байлыгыңыз көбөйөт.Өзүңө ишенген адам болууга жардам берет. Адамдар менен сүйлөшүп жатканда түрдүү темаларда сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк берип, өзүңүздү эркин алып жүрөсүз. Чыгармачыл адам боло аласыз. Китептерден көп идеяларды алып, жашоодо аларды ишке ашырса болот. Уйкуну жакшыртат. Уктаар алдыда дайыма окуп жүрсөңүз, организм көнүгүп, окуп баштаганда эле уйкуга даярданып, тынч эс аласыз. Эске тутуу менен логиканы жакшыртат. Көңүл койгонду үйрөтөт.
(Айрым маалыматтар интернет булактарынан алынды)
Турсун Омуралиева