Ош облусунун Ноокат районунун Т.Кулатов айыл аймагында быйыл 28 бала сарыктын А түрү менен стационардык даарыланып жатышса, калганы амбулатордук түрдө даарыланып жатат. Оору алгач бала бакчада башталган. Учурда даарыланып жаткандардын абалы жакшы.
Т. Кулатов айыл аймагынын № 16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Перизат Тургунали кызы вирус гепатит А түрү менен бала бакчага барган жана мектеп окуучулары көп ооруп жатканын айтат. Ошондой эле даарыгер оорунун белгилерин санап өттү: “Сарык оорусунун А түрү жугуштуу оору болуп саналат. Аталган оору ооз көңдөй аркылуу жугат ошол себептен бул оору менен ар бир адам ооруп калуусу мүмкүн. Бул ооруунун вирусу адамга тамак-аш жана суу аркылуу жугат, айрыкча жаш балдар арасында кеңири таралган. Оорунун жугуучу булагы бул оорулуу адам, өзгөчө коркунучтуусу клиникалык белгилери пайда боло электе башка балдарга көп жуккандыгында. Вирус А гепатити дени соо адамдарга кир колдор, оюнчуктар, үйгө керектелүүчү буюмдардан жугат. Сарыкты жугузуп алгандан кийин алгачкы бир жума аралыгында билинбейт, оорунун вирусу адамдын организмине келип түшкөндөн кийин 10-35 күнгө чейинки аралыкта инкубациялык дарттын төмөнкүдөй белгилери пайда болушу мүмкүн: дене табынын көтөрүлүшү, тамака табити тартпай кускусу келет, ичи өтүп тез-тез чарчап бир күндө бир нече жолу уктап, териси жана көзүнүн агы саргаят, зарынын өңү кочкул тартып, заңдын түсү агыш тартат мындай белгилер пайда болгондо дароо ооруканага жеткирүү керек”.
Медайым Перизат Тургунали кызы
Т. Айбашев атындагы орто мектептин директору Замира Нурдинова мектепте 5 окуучу сарык оорусуна чалдыгып калганын айтат. Илдет аларга бакчага барган бир туугандарынан жукканы белгилүү болгон. Мектепте ооруну алдын алуу үчүн бир катар иш-чаралар жана сарык туурасында маалыматтар таратылат: “Учурда күзгү сезон болгонуна байланыштуу 5 окуучу жеңил түрү менен оорушту, бирок азыркы учурда жакшы болуп калышты. Жылдагыдай эле окуучулардын арасында оорулуулардын саны бирдей. Жугуштуу оору болгондуктан боор жабыркап ооруп калганда А, Б, С түрлөрүн алып жүрүүчү катарында болуп калат, ошондуктан ар бир адамдын ден соолугу таза болушу үчүн алдын алуу чараларын көрөбүз, хлор менен ар дайым окуу класстарын жууп, иреттеп, чаңдарын аарчып анан окуучуларга түшүндүрүү иштерин, жат жазууларды жаздырып сарык оорусун жугуштуу экенин далилдейбиз. Медициналык жактан атайын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан биздин медайымдар бөлүнгөн, алар келип өздөрүнүн маалыматтарын таркатышып, окуучулар менен суроо жооп иретинде сарык оорусу жөнүндө түшүнүк берип турушат”.
Т. Айбашев атындагы орто мектептин директору Замира Нурдинова
Сарык оорусун жуктуруп алгандар башталгыч класстын окуучулары болушкан. Башталгыч класста 428 окуучу билим алат. Т. Айбашев атындагы орто мектептин башталгыч классынын жетекчиси Гүлзада Алибекова ооруну жайылтопоо үчүн алдын алуу иштери жүрүп жатканын айтты: “Биз алгач эле мектепте окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрү иштерин жүргүзөбүз андан кийин сарык оорусу боюнча маалыматтарды кеңири беребиз. Ар кандай оорулардын алдын алуу боюнча медицина кызматкерлери келип түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Мектепте кол жуугучтар иштейт, ар бир кабинетте бар жана окуучулар ысык суу менен колдорун жууп ысык тамак ичишет”.
Т. Айбашев атындагы орто мектептин башталгыч классынын жетекчиси Гүлзада Алибекова
Үмүтай Токтосунова, Дарика Жалалидинова