7-ноябрь күнү Ноокат районуна караштуу Т.Айбашев атындагы орто мектебинде тажрыйба алмашуу максатында семинар-сабак болуп өттү. Аны мектептин биология сабагынын мугалимидери Айлар Дарбишова жана Чолпонай Рахманкулова өтүп беришти.
Т.Айбашев атындагы орто мектебинин биолог мугалими Айлар Дарбишова бүгүнкү сабакта көбүнчө санарип технологияларын, ошондой эле интерактивдүү усулдарды колдонуп өткөнүн айтат: “Бул семинар мугалимдер арасында болду. Семинардын өтүшү мугалимдердин арасында ар дайым эле семинар сабактар уюштурулуп келет. Бул мугалимдердин потенциалдарын өркүндөтүү, ошол эле учурда тажрыйба алмашуу. Бул сабакка жалпы Т.Айбашев мугалимдер жамааты катышты. Биз эми сабакта ар кандай окуучуларды кызыктыручу ыкмаларды, усулдарды колдонуп өтөбүз.”
Т.Айбашев атындагы орто мектептин тарых мугалими, семинар сабактын катышуучусу Айкөкүл Махамат кызы сентябрдан тарта бул мектепте иштеп жатат. Бүгүнкү сабактан ал балдарга суроону көбүрөөк берип аларды активдүү катыштырган метод жакканын билдирди: “Семинар сабагы мага аябай жакты, өтө сонун өттү. Сабакта жаңы тажрыйбаларды үйрөндүм, техника жана балдар менен иштешүүнү үйрөндүм. Сабакты мугалимдин балдарга жасаган мамилеси аркылуу техниканы колдонуу менен жеткиликтүү түшүндүрө алды”.
Аталган мектептин кыргыз тил мугалими Асылкан Кожоева тажрыйба алмашуу натыйжалуу болгонун белгилеп, сабакта үйрөнгөндөрүн практикасында колдонорун айтып өттү.
“Бүгүнкү сабак өтө жакшы болду. Мен бүгүнкү сабактан STEM боюнча көп маалыматтарды алдым, анын принциптерин үйрөндүм. Топторго бөлүнүп алып, STEM принциптерин колдонушту. Андан кийин STEM боюнча предметтер аралык байланыш болду, логикалык суроолорду катыштырышты, мугалимдерди семинарга кызыктырып сабак өтүштү. Бул семинар мага аябай жакты, бул семинарга катышканыма абдан кубанычтамын».
Мындай тажрыйба алмашуу сабактарын мектеп администрациясы дайыма уюштурганга аракет кылат. Аталган мектептин окуу завучу Чынара Нурманова тажрыйбага муктаж жаш мугалимдер ошондой эле тажрыйбалуу мугалимдер дагы катышканын айтат. “Мугалим өзүнүн үстүндө тынымсыз иштеши керек. Биз ар чейректе мугалимдерге ачык сааттарды коебуз. Ошол ачык сааттарда эң жакшы сабак өткөн, сабактын структурасын сактаган, изденүү менен иштеген мугалимдердин тажрыйбаларын бөлүшүү иретинде ушундай семинар сабактарды өткөрөбүз. Бул чейректе 2 биолог мугалимдер эң жакшы сабак өткөн. Эми алар өз тажрыйбаларын жайылтуу максатында өтүп берип жатышат”.
Элнура Жаанбаева, Самира Ибрагимова