28- мартта Дөбөлү айыл өкмөтүндө жалпы мекеме кызматкерлери тарабынан ишембилик болуп өттү. Анда ар бир мекеме айланасын тазалап жана көчөлөргө чыгышып жолдун бойлорун тазалашты.
Жаздын келиши менен багбандар көчөттөрдү отургузуп башташат. Бактын өсүп-өнүгүшү, түшүмдүүлүгү көчөттү туура тигүүгө байланыштуу. Андыктан аларды тандоо, пландоо, киреше булагына айландыруу туурасында айыл чарбасы боюнча адис Манас Саматов айтып берет.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Сопиев атындагы орто мектебинин бакчасына жазга карата көчөттөр отургузулду. Бакчага көк теректин, кара жыгачтын жана Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү тигилди.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) ооруканада көрктөндүрүү ишин жүргүзүштү. Анда имараттын айланасындагы арчалар акталып, 150 түп алма, терек көчөттөрү отургузулду.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде көрктөндүрүү иштери болду. Мектептин айланасына ак кайындар жана роза гүлдөр отургузулду.