Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) ооруканада көрктөндүрүү ишин жүргүзүштү. Анда имараттын айланасындагы арчалар акталып, 150 түп алма, терек көчөттөрү отургузулду.
Оорукананын ага фельдшери Бактыбай Абдыкалыковдун айтымында, бул оңдоо иши кызматкерлерге оң таасирин тийгизет. «Анткени таза жана тыкан жерде иштөө мен үчүн сыймык», — дейт Бактыбай Абдыкалыков.
Оорукананын сырты эле эмес ичи да оңдолду. Ар бир бөлмөнүн ичи сырдалып, дубалдары акталды. Ичин оңдоого кеткен чыгымдар профсоюз тарабынан берилди жана өз чөнтөктөрүнөн да кетти.
Мээрбан айым Максуда Жуманазарова оорукананын оңдолушуна кубанычып жатканын жашырган жок. «Себеби бардык эле эл журт шарты бар, ыңгайлуу жерде дарыланууну каалашат», — дейт Максуда Жуманазарова.
Куу-Майдан айылынын тургуну Айдана Абдисейит кызы көрктөндүрүү иштеринен кийин оорукананын айланасы кооздолуп, жагымдуу көрүнуп калды, дейт.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн
АК