Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинде жаз алды менен мектепти жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Бул иш-чара мектептин директору Турсумкан Абдыгулованын жана мектеп жамаатынын демилгеси менен ишке ашууда.
Мектеп директорунун орун басары Нуржамал Казакбаева жылда эле мектептин кѳрктѳндүрүүсү болоорун айтат. Бул иш-чарага көбүнчө окуучулардын салымы көп дейт.
![20160409_093816[1]](http://akbakai.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/11/2016/04/20160409_0938161.jpg)
«Мектептин айланасына алып келген кѳчѳттѳрүнүн баарын тигип, ѳздѳрү карап, суу коюп, кѳбүнчѳ окуучулардын салымы кѳп. Бул иш-чара дагы уланат деп жатабыз, дагы кѳчѳттѳр келмек, дагы отургузмакпыз. Ишембиликтер ѳткѳрүлүп жатат, ар жактан кѳчѳт алып келип жатабыз. Балдардын жардамы менен жашылдандыруу жүрүп жатат”, — деп билдирди Казакбаева.
![20160409_112234[1]](http://akbakai.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/11/2016/04/20160409_1122341.jpg)
Чарба иштери боюнча директордун орун басары Гүлнара Суранчиева бул иш-чара өкмѳт тарабынан бир айлык ишембилик жарыяланып, ошол талаптын негизинде мектептин айланасын кѳрктѳндүрүү иштери жүрүп жатканын айтат.
«Кѳрктѳндүрүү үчүн айлана-тегеректин баары тазаланып, куураган бутактарды бутап, айланадагы бактардын баарын актап, ордуна келтирип жатабыз. Мага абдан жагып жатат. Анткени, жаз келди баары жаӊырышы керек, жаз менен бирге биздин мектептин айланасы да жаӊырышы керек, таза болушу керек. Иш да жакшы жүрѳт таза жерде”, — деди Суранчиева.
![20160409_144904[1]](http://akbakai.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/11/2016/04/20160409_1449041.jpg)
Мектептин англис тили мугалими Айгүл Ормонбекова бул кѳрктѳндүрүү менен жаз келгенден бери үч ай ичинде тазаланып бүткөнүн билдирди.
![20160409_150134[1]](http://akbakai.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/11/2016/04/20160409_1501341.jpg)
9-класстын окуучусу Роза Акматалиева окуучулар бактарды актап, бутап, гүлдѳрдү тигип, салымдарын кошуп жатканына токтолду. «Ишембиликтерге дагы келип жатабыз, айлананы тазалап, гүлдѳрдү тигип, кѳчѳттѳрдү отургузуп. Албетте кѳрктѳндүрүү иштери дагы уланса келип жардам беребиз. Мектепке салым кошобуз”, — дейт ал.
![20160409_093824[1]](http://akbakai.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/11/2016/04/20160409_0938241.jpg)
Кошумчалай кетсек мектептин 11- классынын окуучулары мектептин алдына окуучуларга ыӊгайлуу болгон отургуч коюп беришкен.
![20160409_093651[1]](http://akbakai.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/11/2016/04/20160409_0936511.jpg)
![20160409_093809[1]](http://akbakai.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/11/2016/04/20160409_0938091.jpg)
Даярдаган: Азима Нурбек кызы.
Сынак үчүн