Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Куу-Майдан

«Жооптуу бол» акциясынын алкагында көрүнүүгө келген эркектердин саны көбөйдү

Статистика көрсөткөндөй эркектер жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) пайда болушуна көбүрөөк кабылышат, ал эми аталган оорулардын тобунда өлүм көрсөткүчү жогору, айрыкча жүрөк кан тамыр ооруларынан болгон өлүм учурлары көп катталат.

Окуучу: “Ар бир адам медиа сабаттуулугун өрчүтүүсү маанилүү”

Ноокат районунуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептердин мугалимдери менен окуучуларына медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча семинар-тренинг уюштурулду. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун директорунун орун басары, “МедиаСабак” фондунун …

Куу-Майдан: Жергиликтүү эл депутаттардын ишине нааразы

Ар бир жергиликтүү кеңеш депутаты ошол аймактагы элдин өкүлү болуп саналат. Ал эми алардын милдети – өз айылын өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү тургундардын турмуш шартын жакшыртуу. Айылдык кеңештин аткарган иштерине …

Ар бир адам медиа сабаттуу болушу керек

Ар бир адам медиа сабаттуу болушу керек. Мындай пикирди Ноокат районунун Куу-Майдан айылында болуп өткөн медиа маалыматтык сабаттуулук семинарынын катышуучулары билдирди.

Ишкер: «Пандемияда мигранттардан акча келбей курулуштар токтолду»

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы “Максат” курулуш материалдар дүкөнүнүн иши пандемиянын таасиринен улам бир топ солгундай түшкөн. Дүкөн былтыркы жылдын март айында ачылып, бир аз убакыттан кийин өлкөгө карантин киргизилген.

Айыл тургуну: “Пандемияда аялдарга кыйын болду”

Былтыркы жылдын март айында башталган пандемиянын кесепети элди кыйын абалга алып келди. Ал эми элеттеги аялдарга кандай таасирин тийгизгенин айыл тургундары айтып беришти.

Аудио: Жергиликтүү кеңештин депутаттары кызмат акыларды белгилей алышабы?

Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн кызматкерлерине кызмат акыларын белгилеп же алардын акысына кандайдыр бир таасирин тийгизе алышабы? Кызматкерлердин кызмат акысын белгилөө укугу кимде бар? Алдыда, «Ачык өкмөт» уктуруусун угуп, бул …

Куу-Майданда шайлоочулар добушун бере албай калган учурлар катталды

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын 5376 шайлоо участогунда шайлоочулар добушун бере албай калган учурлар катталды. Алардын шайлай албай калганынын себеби алар биометрикалык каттоодон өткөн эмес. Шайлай албай калган шайлоочуларга паспортун …

Подкаст: «Онлайн окутууда мугалимдин кадыры билинди»

Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүнө, анын ичинде Кыргызстанга, айыл тургундарынын жашоосуна жана ошондой эле билим берүү жаатына өзгөртүүлөрдү киргизди. Өлкөдөгү пандемияга байланыштуу билим берүү мекемелери онлайн окутууга өтүп, студенттерге, окуучуларга жана …

Куу-Майдан: 2020-жылы жаш балдар арасында ковид менен ооругандар болгон жок

  Аймончок Кожонова

Айылдагы мектептерде окуу процесси кандай жүрүп жатат?

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде 1-класстар 5 жана 9-11-класстарга  салттуу түрдө окууга уруксат берилген. 1-класстар сентябрь айынын башынан бери окуп жатса ал эми 5-9-11-класстар 11-ноябрдан баштап салттуу …

Окуучулар: Беткап тагынгыбыз келбейт, аргасыздан тагынабыз

Куу-Майдан айылында эпидемиологиялык абал туруктуу болгонуна карабастан мугалимдер окуучулардын мектепке беткап тагынып антисептик менен келүүсүн талап кылып жатышат. Бирок кыш мезгилине байланыштуу беткап тагынуу бетти буулантып ыңгайсыздык жаратууда.

Айыл жергесинде санитардык эрежелер сакталуудабы?

Өлкөбүздө коронавирус толугу менен жок боло элек. Ошондуктан ар бир жаран өзүнүн жана өзгөнүн саламаттыгы үчүн санитардык талаптарды аткаруусу зарыл. Айыл жергесинде санитардык эрежелер сакталуудабы деген суроо менен айыл тургундарына …

Подкаст: Чек ара жабылып чет өлкөдө жасалчу операцияларга бара албай калып, каза болгондор болду

Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүнө, анын ичинде Кыргызстанга жана айыл тургундарынын турмушуна бир канча өзгөртүүлөрдү киргизди. Өлкөдөгү пандемияга байланыштуу көпчүлүк ишкерлердин, күнүмдүк иш менен жан баккан үй-бүлөлөрдүн жашоосу бир топ солгундай …

Айыл тургуну: «Интернеттеги маалыматка ишенип 2-3 кап ун алып сактап алганбыз, бирок эч кандай тартыш болгон жок»

“Интернеттен келген маалыматтардын келген маалыматтардын оң таасири гигиенаны сактоо, ѳзүн-ѳзү коргонуу эрежелер боюнча маалыматтар болду. Ал эми терс таасири азык-түлүк кымбаттайт, кѳп-кѳп камдап алгыла деген маалыматтар болду. Ал маалыматтардын негизинде …

Мектеп окуучулары жайкы эс алууну кантип ѳткѳрүп жатышат?

Дүйнѳнү каптаган коронавирус инфекциясына байланыштуу 2019-2020- окуу жылынын аягында 4-чейрек аралыктан окутуу менен аяктап, мектеп окуучулары жайкы эс алууга тараган. Эс алууну кантип ѳткѳрүп жаткандыктары тууралуу мектеп окуучуларынан сурап кѳрдүк.

Айыл тургундары медициналык кароодон ѳтүп жатышат

Куу-Майдан айылынын тургундары медициналык кароодон ѳтүп жатышат. Медицина кызматкерлери күн сайын айыл тургундарынын үйлѳрүн кыдырып, күнүнѳ 20-25 үйдү кароодон ѳткѳрүшѳт.

Айыл жаштары жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти

Кеңеш айыл ѳкмѳтүнүн Куу-Майдан айылынын 1995-жылкы балдары акча чогулутуп жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти. Жалпысынан 14 миң сом акча чогулуп ага жууркан-шейшептер, сыр челектер, чайнек, плита, матрац, тараза жана …

Карантин учурунда ымыркайлар үйлөрүндө көзөмөлдөнүп жатты

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагындагы карантин учурунда балдардын ден соолугуна дарыгерлер тарабынан кѳзѳмѳл жүргүзүлүп жатты. Кырдаалга байланыштуу жаш балдарды эмдѳѳлѳргѳ чакырбастан, үйлѳрүндѳ кѳзѳмѳлдѳн ѳтүп турушту.

Кеңеш айыл аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу болууда. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык. 21-июльга карата Кеңеш айыл аймагында коронавирусун жуктурган 5 жаңы учур аныкталды. Жалпы вирусту жуктуруп алгандардын саны 34кѳ жетти. …

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...