Ар бир жергиликтүү кеңеш депутаты ошол аймактагы элдин өкүлү болуп саналат. Ал эми алардын милдети – өз айылын өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү тургундардын турмуш шартын жакшыртуу. Айылдык кеңештин аткарган иштерине айыл эли кандай баа берет? «Ачык өкмөт» уктуруусунда жооп издейбиз.
Айылдык кеңештин депутаттары эмне иш кылышы керек, кандай иштерди аткарышты деген суроого Куу-Майдан айылынын тургундары төмөндөгүчө ой-пикирлерин билдиришти.

Тунукбек Раимжанов
Тунукбек Раимжанов депутаттар элге кызмат кылуусу керек. Бирок, алар шайлангандан бери кылган ишин көрбөй жатабыз деген оюн ортого салды.
“Биз ишенип шайлагандан кийин элдин талабын аткарыш керек эле. Элге депутаттардын иштей турганы керек. Өзүнүн чөнтөгүн ойлогондор керек эмес. Көп көйгөйлөр бар, ошолорду чечип, иштеп беришсе…”

Апиза Эргешова
Ал эми Апиза Эргешова депутаттардын ишине канааттанбастыгын билдирип, быйылкы келген селде бир да депутат кабар албаганына нааразы.
“Быйыл аябай сел келди, биздин үйдүн аркасынан өттү. Өзүбүз ылайга батып, үй ичибизди тазалап жолго салып алдык. Анан ушундайда пайдасы тийбеген депутаттын кандай кереги бар? Канчалаган үйлөрдү сел басты… Бир сыйра көрүп коюп кетип калышты. Ошол бойдон бир да жардам болгон жок”.

Адилбек Капаров
Адилбек Капаров депутаттар дайыма эл менен тыгыз байланышта болуп, бюджеттин акчасын керектүү багытка бөлүүсү зарыл дейт.
“Алардын милдеттери элди кыдырып, кандай маселелер болсо өздөрүнөн сурап, айыл өкмөтү менен байланышып, көйгөйлөрдү чечүү керек. Ушул нерселерди аткаргандары да бар, аткарбаганы да бар. Иштеп жаткан депутаттар бар. Айрымдары жолго кум төктү, столбаларды коюшту. Эми таза суу киргизем деп аракет кылышып жатат”.

Бүсайра Закирова
Бүсайра Закированын айтымында жол кире кымбаттап, айыл тургундарына кыйын болууда. Ал маршруттук каттам боюнча кайрылуубуздан майнап чыкпай келет дейт.
“Шаңколдун маршруттук каттамын биздин ылдыйкы магазинге түшүрүп бергиле деп канча жолу айыл өкмөткө арыздандык. Баары макул деп коюшуп эч нерсе кылбай жатышат. Күндүзү иштеген ишчилерибиз, келин, кыздарыбыз бар. Ошолор эртең менен кыйналып жатышат. Таксиге отурайын десе 40-50 сомдон кылып алышыптыр. Таксиге отурсаң бир канча акчаң кетип калат. Бизге маршруттук каттамды киргизип берсе, элге жеңилдик болот эле.”
Жергиликтүү кеңештин депутаты Каныбек Маматмуса уулу жергиликтүү кеңештин ишинде жыйынтык чыкпай жатканын айыл өкмөттүн бюджетинин аздыгы менен байланыштырат.
“Иш кылайын десек акча каражаты жетишпейт, ошондуктан иш кыла алган жокбуз. Азыр айылдарда фонддор, уюмдар ачылып, элдин майда-чүйдө көйгөйлөрүн фонддун акчасын чогулткан лидер жаштар уюшуп, өздөрү көзөмөлдөп, аткарып жатышат. Аларга аралашып, алыбыз жетишинче сөзүбүздү, акчабызды кошуп жардам берип жатабыз,” – дейт.
Аймончок Кожонова